Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Фото
Видео
Багыт тандаңыз
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Развитие интеграции
Макроэкономическая политика
Статистика
Развитие предпринимательской деятельности
Финансовая политика
Трудовая миграция и соцзащита
Промышленная политика
Агропромышленная политика
Техническое регулирование и аккредитация
СФС-меры
Регулирование рынка лекарств
Транспорт и инфраструктура
Энергетика
Антимонопольное регулирование
Политика в области госзакупок
Информационные технологии
Функционирование внутренних рынков
29 июлундагы 2025
Данияр Иманалиев ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри болуп дайындалды
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 7 токтомуна ылайык, Иманалиев Данияр Шаршенбекович Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри болуп дайындалды. Данияр Иманалиев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында олуттуу жетекчилик иш тажрыйбасы бар. 2021-жылы Кыргыз Республикасынын экономика жана каржы министринин биринчи орун басары кызматын ээлеген. Акыркы төрт жылда Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы инфраструктурасы департаментинин директору болуп иштеген.
28 июлундагы 2025
Георгий Арзуманян ЕАЭБдеги өнөр жай кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо механизмин презентациялады
Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманян Москва Өнөр жайчылар жана ишкерлер (иш берүүчүлөр) конфедерациясы уюштурган тегерек столдо ЕАЭБдеги өнөр жай кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо механизмин презентациялады. "Бизнес бирикмелери менен биргеликте ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин аймагында өндүрүштөрдү технологиялык модернизациялоону кеңейтүү үчүн каржылык колдоонун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө бизнести даректүү маалымдоо маанилүү милдет болуп саналат", — деп баса белгиледи Георгий Арзуманян. Тегерек столдо өнөр жайдагы долбоорлорду каржылоонун шарттары жөнүндө "банк ДОМ.РФ" АК жана "МСП Банк" АК өкүлдөрү, чакан жана орто бизнес үчүн колдоо чаралары жөнүндө – "МСП "Корпорациясы" АК өкүлү, өндүрүүчүлөр-экспорттоочуларды колдоо чаралары жөнүндө – Россиялык экспорттук борбордун жана "Москва экспорттук борбору" АКУ компаниялардын тобунун өкүлдөрү айтып беришти.
26 июлундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Мигель Диас-Канель Бермудести Улуттук көтөрүлүш күнү менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Куба Республикасынын Президенти, Евразия экономикалык бирлигинин алдындагы байкоочу мамлекеттин башчысы Мигель Диас-Канель Бермудести жана бүткүл куба элин Улуттук көтөрүлүш күнү менен куттуктады. «ЕАЭБ өлкөлөрү менен Куба өлкөсүнүн салттуу достук жана ишеним рухунда өнүгүп жаткан кызматташуусу биргелешкен аракеттердин аркасында бекемделип, элдерибиздин кызыкчылыгында мындан ары да чыңдалып жатат», – деп баса белгиледи Бакытжан Сагинтаев куттуктоо катында. Комиссиянын жана жеке өзүнүн атынан ЕЭК Коллегиясынын башчысы Куба Республикасына туруктуу экономикалык өнүгүүнү, ал эми анын жарандарына – бакубатчылыкты жана жакшылыкты каалады.
25 июлундагы 2025
ЕАЭБге жана анын мүчө мамлекеттерине карата үчүнчү тараптардын чектөө чараларынын реестри актуалдаштырылды
Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча "Соода" порталынын баракчасында Евразия экономикалык бирлигине жана анын мүчө мамлекеттерине карата үчүнчү тараптардын чектөө чараларынын жаңыланган реестри жайгаштырылган. Азыркы учурда ЕАЭБдин негизги соода өнөктөштөрү жана соода-экономикалык макулдашууларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөр түзүлгөн же жүргүзүлүп жаткан өлкөлөр тарабынан тышкы соодада тоскоолдук катары чыга ала турган 271 чектөө чаралары аныкталган. Ошол эле учурда Ирандын үчүнчү өлкөлөрдөн кондитердик азыктардын импортуна тыюу салууну киргизген чектөө чарасы ЕАЭБ менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө толук форматтуу макулдашуу 2025-жылдын 15-майында күчүнө киргенден кийин жоюлган. Макулдашуунун жоболоруна ылайык, тараптар товарларды ташып келүүгө тыюу салууларды же чектөөлөрдү, анын ичинде квоталар, импорттук же экспорттук лицензиялар жана башка чараларды белгилебөөгө жана сактабоого милдеттеништи. Сербия боюнча каттоо үчүн ЕС GMP сертификатын берүү жөнүндө талаптардын болушуна байланыштуу ЕАЭБ дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүнө карата техникалык тоскоолдук аныкталган. Өзбекстандын чектөө чараларынын тизмеси тиричилик техникаларын киргизүүгө өзбек шайкештик сертификатын алуунун ачык эмес жана узакка созулган жол-жоболору менен толукталды. ЕЭКтин үчүнчү тараптар менен соодадагы чектөө чараларын мониторингдөө жана четтетүү боюнча иши ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат, аны ишке ашыруу үчүн 2018-жылы Комиссиянын Кеңешинин чечими менен Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери менен Евразия экономикалык комиссиясынын ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби бекитилген. Мониторингди өткөрүү ЕАЭБге жана ага мүчө мамлекеттерге карата үчүнчү тараптардын чектөө чараларын четтетүү үчүн жолдорду табуу жана издөө маселелери боюнча системалуу ишти жүзөгө ашырууга багытталган.
24 июлундагы 2025
Бакыжтан Сагинтаев Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Өзбекстан Республикасынын Президенти, Евразия экономикалык бирлигине караштуу байкоочу мамлекеттин башчысы Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады. "Сиздин жетекчилигиңиз астында Өзбекстан экономикалык потенциалды жогорулатуу, жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу иштерин ырааттуу ишке ашырууда, евразиялык интеграциялык процесстердин активдүү катышуучусу болуп саналат", – деп айтылат куттуктоо катында. ЕЭКтин жана жеке өзүнүн атынан Бакытжан Сагинтаев Шавкат Мирзиёевге чың ден соолук, бакубатчылык жана Өзбекстан Республикасынын жыргалчылыгы үчүн анын жооптуу ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.
24 июлундагы 2025
Бакытжан Сагинтаев Амур облусунда жүргүнчүлөрдү ташыган учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Евразия экономикалык комиссиясынын атынан жана жеке өзүнүн атынан Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге жана бүткүл россия элине Амур облусундагы авиакырсыктын кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. "Көптөгөн адамдардын курмандыктарына алып келген кайгылуу окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу сезими менен кабыл алдым", – деп айтылат телеграммада. – Жоготуу азабын тең бөлүшөм, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам".
24 июлундагы 2025
ЕЭК Борбордук Азиялык эл аралык экономикалык форумунда өнөр жай кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрүн презентациялады
Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарев 22-июлда Душанбеде "Евразиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө эл аралык уюмдардын ролу. Борбордук Азия – өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтары үчүн аймак" Борбор Азиялык эл аралык экономикалык форумунун панелдик сессиясында сөз сүйлөдү. Николай Кушнарев өз сөзүндө Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди өнүктүрүүнүн негизги аспектилерин жана мүмкүн болгон перспективаларын жана аларда Борбордук Азия мамлекеттеринин ролун белгилеп өттү. ЕЭК Департаментинин башчысы ЕАЭБ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикаларынын узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн жаңы технологиялык форматтарга өтүү үчүн негиз түзө турган инновациялык чечимдерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жолу менен микроэлектроника, машина куруу жана робототехника сыяктуу негизги заманбап тармактарда технологиялык жетишкендиктерге биргелешкен күч-аракеттерди топтош керек экендигине көңүл бурду. "Борбордук Азия өлкөлөрү олуттуу ресурстук потенциалга ээ жана өнөр жай кубаттуулугунун динамикалуу өсүшү менен мүнөздөлөт. Бул жерде өлкөлөрдүн ЕАЭБ аймагында биргелешкен жогорку технологиялык өндүрүштөрдү түзүүгө катышуусу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле евразиялык инвестициялар жана жаңы технологиялык өнөктөштүк үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө", – деп баса белгиледи Николай Кушнарев.
24 июлундагы 2025
ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары болуп Диас Токан дайындалды
Диас Ерболулы Токан 1994-жылы Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) туулган. 2016-жылы "Элдик чарба" университетин "Менеджмент" адистиги боюнча, 2018-жылы "Мирас" университетин "юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган. 2018-2022-жылдары Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министрлигинде жана соода жана интеграция министрлигинде экономикалык интеграция маселелерине адистешкен эксперт жана башкы эксперт болуп иштеген. 2022-жылдан 2025-жылга чейин Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин экономикалык интеграция департаментинин ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси кызматын ээлеген. Мамлекеттик кызматта иштеген жылдары эл аралык жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган.
Дагы көрсөтүү
Ресурсы ЕАЭС
Евразия экономикалык бирлигинин сайты
Евразия экономикалык бирлигинин укук порталы
ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн Порталы
ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө