Жаңылыктар

25.06.2024

ЕАЭБ кокос кырындысына ташып кирүү бажы алымын үч жылга нөлгө түшүрөт

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы кургатылган кокос жаңгактарына (кокос кырындылары, ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 0801 11 000 0) алып келүү бажы алымын 2027-жылдын 31-июлуна чейинки мөөнөткө нөлгө түшүрүү чечимин кабыл алды.

"Бажы-тарифтик жөнгө салуу чаралары өздүк наркты төмөндөтүүгө, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнөн кондитердик продукциянын экспортун өнүктүрүүгө жана чет өлкөлүк рыноктордо анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Ал жаратылыш-климаттык шарттарга байланыштуу ЕАЭБ аймагында кокос пальмалары өспөгөндүгүн, ал эми кокос жаңгактарынын өндүрүшү жок экенин эскертти. Ошондуктан, кокос кырындыларына болгон муктаждык толугу менен импорттук жеткирүү аркылуу камсыз кылынат.

ЕАЭБ ББТнын кокос кырындыларына карата алып кирүү бажы алымынын учурда колдонуудагы чени 3%ды түзөт.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кургатылган жана майдаланган кокос жаңгактары (кокос кырындысы) кокосту кайра иштетүүнүн продуктусу болуп саналат жана негизинен кондитердик азыктарды: шоколад конфеттерин, канттуу кондитердик азыктарды, ошондой эле тортторду, пирожноелерди, печеньелерди жана башка ушул сыяктуу продукцияларды өндүрүүдө колдонулат. Ташылып келинген кокос кырындысынын көлөмүнүн 20%ын башка тармактар (парфюмерия, косметика, фармацевтика) керектейт.

Комиссиянын Коллегиясынын 2020-жылдын 20-октябрындагы № 131 Чечимине жана Комиссиянын Кеңешинин 2021-жылдын 14-сентябрындагы № 80 Чечимине ылайык, кокос кырындыларына карата бажы наркынан 0% өлчөмүндөгү алып келүү бажы алымынын убактылуу чени 2020-жылдын 22-ноябрынан 2023-жылдын 31-декабрына чейин колдонулган.