Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары 4-июнда Несвиж шаарында (Беларусь) Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин аймактарында "Чыгыш – Батыш" жана "Түндүк – Түштүк" багыттарында, анын ичинде "Бир алкак, Бир жол" кытай демилгеси менен айкалышуунун алкагында транспорттук инфраструктураны түзүү жана өнүктүрүү жөнүндө 2023-жыл үчүн баяндаманы жактырышты. Мындай отчетту жыл сайын даярдоо Стратегия-2025те каралган.
Документте белгиленгендей, өткөн жылы ЕАЭБ өлкөлөрү улуттук транспорттук инфраструктуранын участокторун өнүктүрүү, логистикалык сервистерди түзүү, транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен эл аралык келишимдерди жана меморандумдарды түзүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүшкөн.
"2023-жылы "бешилтик" өлкөлөрү транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү темпин төмөндөтүшкөн жок жана келип чыккан кыйынчылыктарды жеңип гана тим болбостон, бир катар масштабдуу транспорттук долбоорлорду ишке ашыра алышты", - деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.Транспорттук-логистикалык байланыштарды диверсификациялоонун алкагында "Түндүк – Түштүк" коридорлору жана Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы өнүгүүдө жаңы импульс алышты.
2023-жылы Өкмөттөр аралык кеңештин чечими боюнча транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлордун тизмеси Кыргызстан жана Казакстандан жаңы долбоорлор менен толукталды. Эми тизмеде автомобиль жана темир жолдорду куруу жана реконструкциялоо боюнча 11 масштабдуу долбоорлор каралган.
ЕАЭБ алкагында транзиттик потенциалды ишке ашыруу жана өнүктүрүү, транспорттук инфраструктураны координациялоо максатында евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүүнүн комплекстүү планы кабыл алынган.
Комиссия Кытай, БАЭ жана Иран менен транспорт чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты арттыруунун үстүндө жигердүү иштеп жатат.
Армениянын сунушу боюнча баяндамага "Дүйнөнүн Кесилиши" демилгеси киргизилген, ал бардык кызыкдар өлкөлөрдүн ортосунда соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, Түштүк Кавказ аймагынын логистикалык потенциалын ачуу боюнча жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.