Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши эт продукциясын өндүрүү үчүн каралган бодо малдын (БМ) этинин айрым түрлөрүнө карата ташып келүү бажы алымынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдиктерди берүү жөнүндө чечим кабыл алды
Кеп 2024-жылы бул продукцияны төмөнкүдөй көлөмдөрдө алып келүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө болууда: Армения Республикасы үчүн – 8,5 миң тоннага чейин, Беларусь Республикасы үчүн – 7,5 миң тоннага чейин, Казакстан Республикасы үчүн – 5 миң тоннага чейин, Кыргыз Республикасы үчүн – 3,5 миң тоннага чейин жана Россия Федерациясы үчүн - 100 миң тоннага чейин.
Бажы-тарифтик жөнгө салуу чарасы Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногунда эт чийки затынын тартыштыгын толтурууга, кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан даяр эт жана колбаса азыктарын өндүрүүнү өнүктүрүүгө, мындай өндүрүштүн өздүк наркын төмөндөтүүгө, ошондой эле даяр продукцияга баалардын өсүшүн токтотууга багытталган.
Тарифтик жеңилдик ташылып келүүчү товардын максаттуу багыты ыйгарым укуктуу орган тарабынан тастыкталган шартта, өнөр жайлык кайра иштетүү жана даяр продукцияны өндүрүү үчүн гана арналган бодо малдын этине карата берилет. Мындай эт чийки заты негизинен ички рынокто өндүрүлгөн жогорку сапаттагы уй эти болуп саналбайт. ЕАЭБде каралып жаткан эт чийки затынын тартыштыгы негизинен Латын Америкасы өлкөлөрүнөн жана Индиядан келген импорттук жеткирүүлөрдүн эсебинен компенсацияланат.
Комиссиянын Кеңешинин бул маселе боюнча Чечими менен бодо малдын этин, ошондой эле аны пайдалануу менен өндүрүлгөн даяр продукцияны акыркы пайдалануу боюнча тиешелүү чектөөлөр каралган.