Жаңылыктар

29.11.2024

ЕАЭБ жалпы биржалык мейкиндикке жакындоодо

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ЕАЭБдин бир мамлекетинен брокерлерди жана дилерлерди "бешилтиктин" башка өлкөлөрүндөгү биржалык тооруктарга катышууга уруксат берүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактырды жана кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордон өтүү үчүн Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө жөнөттү.

Макулдашуу биржалык операциялар үчүн бирдиктүү мейкиндикти түзүүгө мүмкүндүк берет, анда брокерлер жана дилерлер өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензиялардын негизинде иштей алышат Документ инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүктөрдү олуттуу түрдө кеңейтет, ЕАЭБдин биржалык аянтчаларында соода жүргүзүүчү каржылык инструменттердин өтүмдүүлүгүн жана жагымдуулугун жогорулатат.

"Бүгүнкү Макулдашуу буга чейин кабыл алынган Баалуу кагаздарга уруксат берүү жана жүгүртүү жөнүндө макулдашуу менен бирге ЕАЭБ алкагында жалпы каржы рыногун жана биржалык мейкиндикти түзүүгө багытталган", – деп документке ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бахыт Султанов комментарий берди.