Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн 2022-2024-жылдар үчүн евразиялык транспорттук коридорлоруна кирген темир жол, автожол жана порт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чаралары жөнүндө баяндаманы карап чыкты.
"Евразиялык транспорттук коридорлор – бул Бирликтеги транспорттук инфраструктуранын негизи, ал бирдиктүү транспорттук мейкиндикти түзүүнү жана ЕАЭБдин транзиттик потенциалын өнүктүрүүнү камсыз кылат", – деп белгиледи ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев.
Евразиялык транспорттук коридорлордун үлүшүнө ЕАЭБдеги транзиттик ташуулардын көлөмүнүн 70%га жакыны туура келет, бул ар бир өлкөнүн улуттук участокторун өнүктүрүүдө синхрондоштуруунун маанилүүлүгүн баса белгилейт.
Баяндамада белгиленгендей, "бешилтик" өлкөлөрүнүн кабыл алынган стратегиялык документтерине ылайык евразиялык транспорттук коридорлорду жана каттамдарды өнүктүрүү боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда ЕАЭБ мамлекеттери өткөрүү жөндөмдүүлүгү чектелген тилкелерди "кеңейтүү" үчүн биргелешкен аракеттерди синхрондоштуруу боюнча чараларды көрүп жатышат.
"ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы тыгыз соода жана транспорттук байланыштар алардын ар биринин экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзөт. Бул шарттарда тышкы сооданы камсыз кылууда негизги фактор катары евразиялык транспорттук коридорлордун маанилүүлүгү өсүүдө", — деп ишенет Арзыбек Кожошев.Талдоонун жыйынтыктарын ЕАЭБде транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнү координациялоо боюнча кийинки иште колдонуу пландаштырылууда.