Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 14-майда Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында жана бажы аймагында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) тийиш болгон продукциянын (товарлардын) бирдиктүү тизмесинин II бөлүмүнө өзгөртүүлөрдү кабыл алды.
Документке ооз көңдөйүнүн гигиена каражаттарын жана буюмдарын мамлекеттик каттоо формасында шайкештикти баалоону караган жоболор киргизилген. Евразия экономикалык бирлигинин "Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техрегламенти жайылтылган товарлар гана буга кирбейт, анткени бүгүнкү күндө ооз көңдөйүнүн гигиенасынын бардык каражаттары жана буюмдары Бирликтин рыногуна жүгүртүүгө чыгарылганга чейин адамдын ден соолугу үчүн алардын коопсуздугун ырастаган шайкештикти баалоо процедурасынан өтүшпөйт.
ЕЭК Кеңешинин чечими Бирликтин рыногуна шайкештикти баалоодон өтпөгөн ооз көңдөйүнүн гигиенасынын каражаттарын жана буюмдарын жүгүртүүгө чыгарууну минималдаштырууга жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү (контролду) жүргүзүүдө укуктук боштукту четтетүүг