Жаңылыктар

29.08.2022 (Обновлено: 07.09.2022 12:40)

ЕЭК ЕАЭБдин эмгекчилери үчүн маалыматты актуалдаштырды

Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБдин ченемдик базасынын актуалдашуусун эске алуу менен "Евразия экономикалык бирлигинде эмгек миграциясы жана эмгекчилерди социалдык жактан камсыздоо" брошюрасынын жаңыланган версиясын чыгарды. Мындай басылманын биринчи версиясы 2016-жылы жарык көргөн.
"Экономикалык маселелерди чечүүдө адам капиталы олуттуу ролду ойнойт. Ошондуктан ага ЕАЭБдин түзүлүшүнүн алгачкы күндөрүнөн тартып, анын ченемдик базасына олуттуу көңүл бурулуп келет. Мындай иш Комиссиянын ишинде да өзгөчө орунду ээлейт", - деп эсептейт ЕЭКтин эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Омурбекова.
ЕАЭБ жөнүндө келишимде, Евразия экономикалык бирлигинин негизги ченемдик актысында, миграциялык саясат чөйрөсүнө тиешелүү бир катар жоболор камтылган. Мисалы, Бирликтин жарандарына карата улуттук коргоо чаралары колдонулбайт, алар рецепиент-өлкөнүн жарандары менен бирдей укуктарга жана артыкчылыктарга ээ боло алышат. Ошондой эле ЕАЭБ жөнүндө келишимде эмгек келишиминин бүткүл мөөнөтүндө, өлкөдө жүрүү укугун узартуу үчүн кошумча кирип-чыгууларсыз ЕАЭБ өлкөсүндө болуу мүмкүнчүлүгү бекитилген.

Жеке жактар - ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн - ЕАЭБ өлкөлөрүндө резиденттик чендерди колдонуу иштин биринчи күнүнөн баштап башталат, башкача айтканда, киреше салыгы, Россияда мисалы, 13%дын ордуна 30% өлчөмүндө алынат.

ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү миграциялык саясаттын ушул жана башка аспектилери атайын брошюрада чагылдырылган.

Маалымат жеткиликтүү формада ЕЭК сайтында "ЕЭК китепканасы" бөлүмүндө жайгаштырылган. Брошюра эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында болушунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө кеңири маалыматты камтыган тексттик жана иллюстрацияланган бөлүктөрдөн турат. 23 беттен турган брошюрада ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү миграция, эмгек ишмердиги, социалдык камсыздоо, пенсиялык камсыздоо маселелери, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгекчилеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн медициналык жардам жана билим алуу укугу чагылдырылган.

Азыркы учурда интеграцияны өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири жумушчу күчүнүн кыймылына тоскоолдуктарды четтетүү болуп саналат. ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу боюнча кеңири маалыматтын жоктугу жалпы эмгек рыногун түзүүдө тоскоолдук кылуучу фактор болуп саналат. Актуалдаштырылган брошюра мүмкүн болгон маалыматтык кемчиликтерди жоюуга багытталган, деп белгилейт ЕЭКтин эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Омурбекова.