Жаңылыктар

20.11.2024

ЕЭК жана ММУ санариптик рынокторду монополияга каршы жөнгө салуу боюнча эл аралык конференция өткөрүштү

Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн санариптик рынокторду жана электрондук платформалардын ишин изилдөөдө колдонулган жалпы ык-амалдарды түзүү боюнча биргелешкен иштерин комплекстүү талкуулоо ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермоловичтин төрагалыгы астында М.В. Ломоносов атындагы ММУнун юридикалык факультетинин аянтчасында эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында болуп өттү.

"ЕАЭБ мейкиндигиндеги санариптик рыноктор: изилдөөнүн, монополияга каршы жөнгө салуунун жана укуктук камсыздоонун актуалдуу маселелери" конференциясы Бирлик мамлекеттеринин монополияга каршы органдарынын, эксперттик коомдоштуктун, маркетплейстердин жана технологиялык компаниялардын («Яндекс», Ozon, Wildberries, «Купер») өкүлдөрүн, жогорку окуу жайларынын илимий кызматкерлерин жана окутуучуларын, ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнөн иштеген юристтерди бириктирди.

Форумдун ишин Максим Ермолович жана ММУнун инновациялык илимий-технологиялык өнүктүрүү боюнча проректору, профессор Виктор Вайпан ачты.

ЕЭК министри белгилеп өткөндөй, "санариптик платформаларды өнүктүрүү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын бул процесстерге жигердүү катышуусу Бирликтин бүтүндөй масштабында алардын иши үчүн атаандаштык шарттарды түзүү боюнча биздин иш-аракеттердин зарылдыгын болжолдойт".

Россиянын ФМК жетекчисинин орун басары - статс-катчы Сергей Пузыревский Россиядагы санариптик рынокторду монополияга каршы жөнгө салуу маселелерин ачыктады. Өлкөлөрдүн тийиштүү тармактык тажрыйбасы Армениянын, Беларустун жана Өзбекстандын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү тарабынан презентацияланды.

ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаменти санариптик рынокторду изилдөөгө карата методологиялык ык-амалдар, ченемдик жөнгө салуу жана укук колдонуу чөйрөсүндөгү өлкөлүк тажрыйбаны жалпылаган баяндаманы сунуштады.

Тематикалык сессиялардын алкагында санариптик рыноктордогу атаандаштыктын абалын баалоо, профилдик моделдик жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу маселелери, ошондой эле ЕАЭБ мейкиндигинде санариптик (электрондук) платформаларды колдонуу менен чарбакер субъекттердин жүрүм-турумунун кеңири таралган тажрыйбалары жана монополияга каршы таасир этүүнүн тиешелүү чаралары талкууланды.

Конференциянын катышуучулары Бирликтин чек ара аралык рыногунда санариптик платформалардын ишин жөнгө салууга шайкештелген ык-амалдарды ырааттуу иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти.

Иш-чара ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогу жана М.В. Ломоносов атындагы ММУнун юридикалык факультети тарабынан заманбап санариптик экономика шарттарында Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде бекитилген атаандаштыктын жалпы принциптерин жана эрежелерин ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана илимий негиздүүлүгүн жогорулатуу максатында уюштурулган.