Жаңылыктар

20.01.2023 (Обновлено: 26.01.2023 14:51)

ЕЭК жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ЖМКлары 2023-жылдагы биргелешкен иштерди талкуулашты

2023-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын жана ЕАЭБ органдарынын ишмердүүлүгүн маалыматтык коштоонун келечегин ЕЭКтин штаб-квартирасында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө Комиссиянын протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн алдыңкы ЖМК өкүлдөрү талкуулашты.

Жолугушууну ачып жатып, Данияр Турусбеков чогулган журналисттерге ЕАЭБ органдарынын ишмердүүлүгүн жигердүү чагылдыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана 2023-жылы мындан да интенсивдүү кызматташууга ишенимин билдирди.

"Коллегиянын Төрагасынын жана биздин Департаменттин атынан сиздерге, урматтуу коллегалар, Евразия экономикалык интеграциясын чагылдырууда ар тараптуу көмөк көрсөткөндүгүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ички талдоонун жыйынтыгы боюнча 2022-жылы Бирлик коомдук талаада 90 миң жолу эскерилгени, Комиссия - 24 миң билдирүүлөрдө маалымдалганы аныкталган. Жалпысынан калктын ЕАЭБге болгон маалыматтык кызыгуусу жогорулагандыгы байкалууда, бул албетте көбүнесе сиздердин эмгегиңиздердин үзүрү экени анык. Бүгүнкү күндө Комиссияга аккредитацияга Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн 14 ЖМКларынан 80ден ашык журналисттер өтүнмө беришти. Биз буга абдан кубанычтабыз жана биздин жемиштүү кызматташтыкты бекемдөөгө даярбыз", - деп белгиледи Данияр Турусбеков.

Департаменттин директорунун айтуусу боюнча, Комиссия ЖМК өкүлдөрү үчүн ар дайым ачык жана тыгыз жана өз ара пайдалуу маалыматтык өнөктөштүк багытын мындан ары да карманууга даяр.

Данияр Турусбеков ЖМК өкүлдөрүн Россия Федерациясы төрагалык кылган жылы ЕАЭБде өткөрүлө турган ири иш-чаралар, анын ичинде 2-3-февралда Алматыда (Казакстан Республикасы) өткөрүүгө пландаштырылган Евразия Өкмөттөр аралык кеңеши, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумуна арналып, 24-25-майда өтө турган жана Евразия экономикалык форуму жана Россияда 2023-жылдын июнуна пландаштырылган бир катар расмий иш-чаралар жөнүндө маалымдады. 

Жолугушуунун аягында ЖМК өкүлдөрүнө Комиссиянын иш-чараларында иштөө үчүн ЕЭКтин аккредиттелген карталарын ыйгаруу салттуу аземи болуп өттү.

Маалымат

ЕЭКтин алдындагы аккредиттөөгө өтүнмөлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эң рейтингдүү жалпыга маалымдоо каражаттарынан келип түштү – ТАСС МА, РБК телеканалы, "Российская газета", "Мир" МАТРК, "Хабар 24" телеканалы, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясы (КТРК), Армениянын Коомдук телекомпаниясы, БелТА МА, "Казинформ" МА ж.б.