Жаңылыктар

29.10.2024

ЕЭК жана Өзбекстан санариптик рынокторду монополияга каршы жөнгө салуу тажрыйбасы менен алмашышты

Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермоловичтин төрагалыгы астында ВКБ форматында семинар-кеңешме болуп өттү, ал санариптик рынокторду жана электрондук платформалардын ишин изилдөөдө колдонулуучу жалпы мамилелерди түзүүгө арналды. Иш-чаранын жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигине караштуу байкоочу мамлекет катары Өзбекстан Республикасынын тажрыйбасы көрсөтүлдү.

Максим Ермолович белгилеп өткөндөй, Комиссиянын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогу тарабынан 2024-жылы жолугушуулардын сериясы уюштурулган, алардын алкагында санариптик рынокторду монополияга каршы жөнгө салуу маселелери талкууланат, ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринин тажрыйбасы изилденет.

ЕЭК министринин пикири боюнча, Комиссия Өзбекстан Республикасы менен жигердүү өз ара аракеттенүүдө жана өлкөнүн атаандаштык жана санариптештирүү чөйрөсүндөгү тажрыйбасы Бирлик үчүн олуттуу кызыкчылыкты жаратат.

Өзбекстан Республикасынын Атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Фаррух Карабаев санариптик платформаларды монополияга каршы жөнгө салуунун жаңы укуктук алкактарына арналган презентация менен чыгып сүйлөдү. Санариптик платформалардын түрлөрү, алардын үстөмдүк абалын аныктоо критерийлери жана тийиштүү талаптар жана тыюу салуулар, Өзбекстанда өткөрүлгөн электрондук соода аянтчаларына алдын ала талдоонун жыйынтыктары кеңири каралды. Фаррух Карабаев монополияга каршы комплаенске жана монополияга каршы жөнгө салууну санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Тараптар рынок бийлигин орнотуунун универсалдуу критерийлерин жана жалпысынан санариптик платформалардын ишин баалоо механизмдерин иштеп чыгуу маселелери боюнча консультациялар форматында биргелешкен ишти жүргүзүү жөнүндө макулдашышты. Мындан тышкары, кызматкерлердин санариптик чөйрөдө кошумча компетенцияларын калыптандыруу үчүн биргелешкен тренингдерди өткөрүү жана квалификациясын кайчылаш жогорулатуу пландаштырылган.

Өткөрүлгөн кеңешмелердин жыйынтыктары боюнча, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Өзбекстан Республикасынын ЕАЭБге караштуу байкоочу мамлекет катары изилдөөлөрүнө, мыйзамдарына жана укук колдонуу практикасына кошумча талдоо жүргүзүүнү эске алуу менен Комиссия баяндама жана сунуштамаларды даярдайт.

Максим Ермолович баса белгилегендей, "биз өлкөлөр менен биргеликте ЕАЭБде санариптик рынокторду жөнгө салууга шайкеш мамилелерди иштеп чыгууга аракет кылабыз".

Семинар-кеңешмеге Армения Республикасынын Атаандаштыкты коргоо боюнча комиссиясынын, Беларусь Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министрлигинин, Казакстан Республикасынын Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, Федералдык монополияга каршы кызматтын өкүлдөрү катышышты.

Бул багыт боюнча ишти комплекстүү талкуулоо үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында ЕЭК жана М.В. Ломоносов атындагы ММУнун юридикалык факультети тарабынан уюштурулуучу "ЕАЭБ мейкиндигиндеги санариптик рыноктор: изилдөөнүн, монополияга каршы жөнгө салуунун жана укуктук камсыздоонун актуалдуу маселелери" эл аралык илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө улантылмакчы.

ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун жана Өзбекстан Республикасынын атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча комитетинин өз ара иштешүүсү ЕЭК менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2021- жылдын 30-апрелиндеги
Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумда
 жана Евразия экономикалык комиссиясынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга карата биргелешкен иш-чаралар планында каралган кызматташтыктын тармактык багыттардын алкагында ишке ашырылат.