Жаңылыктар

27.01.2023

ЕЭК БРИКСтин Жаңы өнүгүү банкы менен диалогду баштайт

Евразия экономикалык бирлигинин эл аралык ишмердигинин Негизги багыттарын жана Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ЕАЭБдин жана БРИКСтин кызматташтыгын бекемдөө жөнүндө демилгелерин аткаруунун алкагында Евразия экономикалык комиссиясы Жаңы өнүктүрүү банкы менен диалогду баштайт.

26-январда Москвада ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын кеңешчиси Владимир Ковалёвдун жана Жаңы өнүктүрүү банкынын Евразиялык регионалдык борборунун башкы директору Андрей Бокаревдин жолугушуусу болуп өттү.

ЕАЭБ менен БРИКСтин өз ара иштешүүсүнүн перспективдүү күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү козголду. Атап айтканда, эки бирикмеде долбоордук каржылоого карата мамилелер талкууланды.

"Дүйнөлүк экономиканын трансформациясынын шарттарында Евразия экономикалык бирлиги үчүн БРИКС өлкөлөрү менен кызматташуу өзгөчө кызыгууну жаратат. Экономикалары өнүгүп жаткан өлкөлөрдө инфраструктуралык, логистикалык, энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндө, ошондой эле ЕАЭБде жана БРИКСте туруктуу экономикалык өнүгүүнүн глобалдуу маселелери боюнча мыкты тажрыйбалар менен алмашуу көз карашынан алганда да Жаңы өнүктүрүү банкы менен диалогдо перспективаны көрөбүз", – деп белгиледи Владимир Ковалев.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын кеңешчисинин сөзү боюнча, ЕАЭБ менен БРИКСтин төлөм-эсептешүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү инструменттерин иштеп чыгуу да маанилүү.

Владимир Ковалев менен Андрей Бокарев ЕЭКтин жана Жаңы өнүктүрүү банкынын биргелешкен иш-чараларын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Атап айтканда, Жаңы өнүктүрүү банкынын жетекчилигин 2023-жылдын 24-25-майында өтө турган Евразия экономикалык форумуна катышууга чакыруу пландаштырылууда. Мындан тышкары, 2023-жылы Жаңы өнүктүрүү банкынын аянтчасында Евразия экономикалык бирлигинин презентациясы уюштурулушу мүмкүн.

Маалымат

Жаңы өнүктүрүү банкы БРИКС өлкөлөрү тарабынан 2014-жылдын июлунда Форталезаде өткөн VI БРИКС саммитине кол коюлган өкмөттөр аралык келишимдин негизинде түзүлгөн. Банктын ишмердигинин максаты — БРИКС мамлекеттериндеги жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү инфраструктуралык долбоорлорду жана туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун каржылоо. 2021-жылы ЖӨБ өзүнүн курамына төрт жаңы катышуучуну кабыл алган: Бангладеш, Египет, БАЭ жана Уругвай.

Жаңы өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы $100 млрд түзөт, катталуу Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрүнө жеткиликтүү.

ЖӨБ Евразиялык регионалдык борбору Москвада жайгашкан. Евразиялык регионалдык борбордун негизги функцияларынын бири болуп бир нече евразиялык мамлекеттердин катышуусу менен ЖӨБ долбоорлорун ишке ашырууну колдоо, мамлекеттик жана жеке түзүмдөр менен кызматташуу саналат.