Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы алып келүү бажы алымынын коюмун өзгөртпөстөн, ЕАЭБ ТЭИ ТНде ак калайдан, бурамалуу же бекитип жабуу үчүн капкактар үчүн өзүнчө подсубпозицияны бөлүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Каралып жаткан продукция азыркы учурда ЕАЭБ ТЭИ ТНдин 8309 90 900 0 "башкалар" подсубпозициясына баалуу эмес металлдардан жасалган башка таңгактоочу буюмдар менен кошо киргизилген.
Ак калайдан жасалган капкактарды өзүнчө подсубпозицияга бөлүү бул товарга карата алып келүү бажы алымынын ченин өзгөртүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө маселени андан ары кароо үчүн тышкы соода көлөмүнүн динамикасына мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, деп белгилешти ЕЭК соода блогунда.