Жаңылыктар

12.09.2023

ЕЭК ЕАЭБ өлкөлөрү менен БРИКС ортосунда эсептешүүлөрдүн заманбап жана ишенимдүү тутумун түзүүнү сунуштайт

Мындай билдирүүнү Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович 12-сентябрда өткөн VIII Чыгыш экономикалык форумунда "ЕАЭБ-БРИКС: жаңы көп полярдуу дүйнөнү калыптандыруудагы ролу" сессиясында жасады. Михаил Мясниковичтин сөзү боюнча, БРИКС жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара соодасы өсүп жатат. 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча товар жүгүртүү 150 миллиард долларды түзгөн. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн БРИКС өлкөлөрүнө экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата 15%дан ашык өскөн. 

"Бул товардык агымдар өсөт деп ишенем, эсептешүүлөрдүн заманбап жана ишенимдүү тутуму керек, – деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын башчысы. — Биздин өлкөлөрдүн финансы министрликтерине жана борбордук банктарына 2024-жылы Казань шаарында өтө турган бирикменин кийинки саммитине карата бул маселелерди ЕАЭБге жана БРИКСке ылайыктап иштеп чыгууну уюштурууну сунуштайм".

Михаил Мясниковичтин сөзү боюнча, Евразия экономикалык бирлигинде ички рынок толугу менен негизги товарлар менен өздүк өндүрүштүн эсебинен камсыздалган.

"Азыр сапаттык көрсөткүчтөрдү жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз. Кеп эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, материалдык жана энергиялык сыйымдуукту азайтуу жөнүндө болууда. Демек, заманбап технологияларды киргизүү зарыл. ЕАЭБ мамлекеттери олуттуу компетенцияларга ээ, бирок БРИКС өлкөлөрүнүн компанияларынын катышуусу өз ара пайдалуу болуп, жаңы товарларды өндүрүү процесстерин тездетет деп ишенебиз", – деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын башчысы. Ал ошондой эле Кытай, Индия жана башка БРИКС өлкөлөрүнүн компанияларын станок куруу, ири тонналык химия, фармацевтика жана башка бир катар тармактарда биргелешкен ишмердүүлүккө чакырды.

Михаил Мясникович Комиссия пилоттук долбоор катары Египетте россиялык өнөр жай зонасын өнүктүрүүгө ЕАЭБ өндүрүүчүлөрүнүн катышуусун пландаштырып жатканын айтып берди. 

"Бул, негизинен, июлда Санкт-Петербургда өткөн Россия — Африка саммитинде жетишилген макулдашууларга туура келет", – деди ал. — ЕАЭБдин алкагында Египет менен эркин соода аймагы жөнүндө макулдашуусу даярдыктын жетишээрлик жогорку деңгээлинде, ал бул өлкө жана башка африкалык мамлекеттер менен кызматташтыктын потенциалын ачууга мүмкүндүк берет".

Ошол эле учурда ал белгилеп өткөндөй, ЕАЭБде эки миңден ашык индустриалдык аянтчалар, 500гө жакын индустриалдык парктар, 70 өзгөчө эркин экономикалык зоналар, 100дөн ашык алдынкы өнүгүү территориялары иштейт. Россиянын Индустриалдык парктар ассоциациясынын алдында "Индустриалдык аянтчаны тандоо" аттуу санариптик сервис иштейт, ал эми Комиссия аны ЕАЭБ өлкөлөрүнө кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Санариптин аркасында эл аралык санариптик экосистемаларды колдонуу менен үчүнчү өлкөлөрдүн өнөктөштөрүн байланыштыруу мүмкүнчүлүктөрү ачылууда.

"Биздин чоң аралыктардын шартында, өз ара санариптик транспорттук платформаларды киргизүүсүз, бажы процедураларын аткаруу үчүн документтерди санариптештирүүсүз, мамлекеттик чек аралар аркылуу товарлардын кыймылынын логистикасын жеңилдетүү өтө кыйын. ЕАЭБ алкагында бул маселелер чечилип жатат. Үчүнчү өлкөлөр менен татаалыраак", — деди Михаил Мясникович.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы сессиянын катышуучуларына экономиканын реалдуу секторундагы конкреттүү инвестициялык долбоорлор боюнча идеялар менен чыгууну сунуштады. Ал ошондой эле Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко ЕАЭБ, БРИКС жана ШКУ өлкөлөрүнүн саммитин өткөрүүнү сунуш кылганын эске салды, ал кызматташтыктын реалдуу долбоорлоруна старт бере алмак. Бул сунушту Чыгыш экономикалык форумунун жыйынтыгы боюнча документтерге киргизүү абзел болмок.

Маалымат

ЧЭФтин "ЕАЭБ жана БРИКС: жаңы көп полярдуу дүйнөнү калыптандыруудагы ролу" сессиясы Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан уюштурулган, ага катышууга Кытай жана Индия бизнеси чоң кызыгууну билдиришкен. Сессияда ошондой эле Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, Беларусь Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Дмитрий Крутой, Индия Бизнес – альянсынын президенти Сэмми Котвани, чет өлкөлөрдөгү ишканаларды өнүктүрүү боюнча Кытай ассоциациясынын Төрагасы Хэ Чжэньвэй, "Россия темир жолдору" ААК башкы директорунун биринчи орун басары Сергей Павлов, Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Владимир Падалко, Россия Федерациясынын экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач, Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин президенти Данил Ибраев, ВЭБ.РФ улук банкири Сергей Сторчак сөз сүйлөштү. ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү