Жаңылыктар

17.01.2023

ЕЭК лосось породасындагы балыктар үчүн тоюттун айрым түрлөрүнө карата төмөндөтүлгөн бажы алымынын аракетинин мөөнөтү узартылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы балык үчүн тоюттун айрым түрлөрүнө карата алып келүү бажы алымынын 3% өлчөмүндө төмөндөтүлгөн ченинин аракетинин мөөнөтүн 2023-жылдын 31-декабрына чейин узартуу чечимин кабыл алды. Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин учурдагы чени бажы наркынын 5%ын түзөт.

"Мындай чечим Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө лосось породасындагы балыктарды өнөр жайлык өстүрүү көлөмүн көбөйтүүгө, ошондой эле аквакультура продукциясы өндүрүүнү өнүктүрүүгө багытталган", - деп белгиледи ЕЭК Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.

Ал эскертип өткөндөй, Комиссиянын Коллегиясынын 2020-жылдын 21-апрелиндеги № 8 Сунуштамасына ылайык, ЕАЭБде аквакультура чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча чаралар комплексин жүзөгө ашыруу үчүн балык чарба уюмдарынын материалдык-техникалык базаларын жаңыртуу, ошондой эле балыктар үчүн адистештирилген тоюттарды өндүрүү боюнча кубаттуулукту түзүү жана өнүктүрүү сунушталган.

Бүгүнкү күндө Бирликте балык тоюттарын өндүрүү боюнча тогуз ишкана иш алып барат, алардын жетөө Россия Федерациясында, Армения Республикасында жана Беларусь Республикасында бирден ишкана иштеп жатат. Мындан тышкары үстүбүздөгү жылы жылына 25 миң тонна көлөмдө тоют өндүргөн заводдун биринчи бөлүгүн ишке киргизүү пландаштырылган. Анткен менен Бирликте балык өндүрүүнүн көлөмдөрүнүн жыл сайын өсүшүн эске алуу менен ички өндүрүштүн учурдагы тоют базасы азырынча жетишсиз.

Балык үчүн тоюттарга карата төмөндөтүлгөн бажы алымынын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим ал расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2023-жылдын 1-январынан тартып келип чыккан укуктук мамилелерге жайылтылат.

Маалымат

Комиссиянын Коллегиясынын 2021-жылдын 26-октябрындагы № 142 чечимине ылайык, ЕАЭБ ББТ алып келүү бажы алымдарынын 3% өлчөмүндөгү чени каралып жаткан товарларга карата 2022-жылдын 2-январынан тартып 31-декабрына чейин колдонулган.