"Бул семинарлар маанилүү жана зарыл, анткени алар биздин өзбек коллегаларыбызга Бирликтин техникалык жөнгө салуу тутумунун негизги аспектилери жөнүндө маалымдоого багытталган, – деп баса белгиледи техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директорунун орун басары Лили Максудян. - Алар биздин техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамилелерибизди шайкеш келтирүүгө көмөктөшөт жана коллегаларыбызга Бирликте продукцияга карата белгиленүүчү талаптарды колдонуунун иш жүзүндөгү тажрыйбасы менен таанышууга жардам берет".
үнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү өзбек кесиптештерин кызыктырган суроолорго, атап айтканда, бажы чек арасына киргизгенге чейин импорттолуучу продукциянын шайкештигин тастыктоо ченемдерин жана механизмдерин колдонуу практикасына, белгиленген талаптарга ылайык келбеген продукцияны ташып келүүгө бөгөт коюунун натыйжалуу ыкмаларын жана жол-жоболорун киргизүү боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасына, азыркы реалдуулукта Бирликтин рыногунда продукцияны рынокко чыгаруу жол-жоболоруна байланышкан суроолоруна жооп беришти. Аккредитациялоо, продукцияны мамлекеттик контролдоо жана каттоо, Бирлик өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын өз ара аракеттенүүсү маселелери козголду.
Өзбекстандын техникалык жөнгө салуу агенттигинин башкы директорунун орун басары Абдурауф Абдукаюмов берилген маалымат жана кызматташтык үчүн ЕЭКке ыраазычылык билдирди, бул ЕАЭБ талаптарына ылайык техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча иштеги Өзбекстандын кийинки кадамдарын түшүнүүгө жардам берет, анткени бул чөйрө Өзбекстандын Бирлик менен өз ара аракеттенүүсүндө артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.
Тараптар тажрыйба алмашуу жана ЕАЭБ менен Өзбекстанда техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү иштер жөнүндө маалымдуулуктун деңгээлин жогорулатуу максатында мындай семинарларды үзгүлтүксүз негизде өткөрүү жөнүндө макулдашышты.