Жаңылыктар

12.04.2024

ЕЭК РЭДУ менен кызматташууну улантат

Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин өкүлдөрү Россия элдер достугу университетинин (РЭДУ) Тышкы экономикалык коопсуздук жана бажы иши институтунун "ЕАЭБдин экономикалык стратегиялары: көйгөйлөр жана инновациялар" эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышышты.

Департаменттин спецификалык субсидияларды ыктыярдуу макулдашуу жана териштирүүлөрдү жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Дмитрий Ярошенко Евразия экономикалык бирлигинин индустриялаштыруу карталарын түзүү жана жүргүзүү, Евразиялык технологиялык платформалары, мамлекеттер аралык программаларды ишке ашыруу, Комиссиянын өнөр жай чөйрөсүндөгү маалыматтык-аналитикалык ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен кооперациялык долбоорлорун каржылоонун жаңы механизми угуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Кызыкдар тараптар Департаменттин аянтчасында иш алып барган тармактык эксперттик топтордун алкагында иштөөгө чакырылды.

ЕЭК менен РЭДУ ортосундагы сүйлөшүп келишкендиктердин алкагында Өнөр жай саясаты департаменти жож менен жигердүү кызматташып келет. РЭДУ студенттери Департаментте өндүрүштүк практикадан өтүшөт, эксперттик деңгээлде тажрыйба алмашуу жүрөт.