ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) Башкы катчысы Кайрат Сарыбай расмий жолугушууда Евразия экономикалык комиссиясынын жана АӨИЧК Катчылыгынын кызматташтыгынын негизги багыттарын, ошондой эле Евразиядагы интеграциялык процесстердин перспективаларын талкуулашты. Аталган иш-чара 28-мартта Москвада Комиссиянын штаб-квартирасында болуп өттү.
"ЕАЭБ жана АӨИЧК мүчө мамлекеттеринин кеңири географиясын эске алуу менен биздин кызматташтык Евразиянын чоң бөлүгүн камтыйт, бул экономиканын ар кандай чөйрөлөрүндө натыйжалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн олуттуу атаандаштык артыкчылык жана маанилүү өбөлгө болуп саналат", – деп баса белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович.
АӨИЧК Башкы катчысы Михаил Мясниковичке уюмду Азиядагы кызматташтык маселелери боюнча толук форматтуу эл аралык уюмга айландыруу процесси жөнүндө маалымдады. Бул жөнүндө чечим 2022-жылдын 13-октябрында АӨИЧК саммитинин жүрүшүндө уюмдун мүчө мамлекеттеринин мамлекет жана өкмөт башчылары тарабынан кабыл алынган жана тиешелүү билдирүүгө кол коюлган. Ал ошондой эле 2022-жылы башталган конструктивдүү өз ара иштешүүнү улантууну каалаганын билдирди.
Жолугушуунун катышуучулары ЕЭК жана АӨИЧК ортосунда Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумдун алкагында кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пландарды талкуулашты. Биргелешкен иштин келечектүү багыттарынын катарында санариптештирүү жана маалыматтык — коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү, транспорт жана логистика, экономика жана каржы, азык-түлүк менен камсыздоо сыяктуу чөйрөлөрдө тажрыйба алмашуу белгиленди. Ошондой эле региондогу экономикалык байланышты жана тышкы чакырыктарга туруктуулукту жогорулатууга басым жасалды.
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Кайрат Сарыбайды 2023-жылдын 24-25-майында Москвада өткөн Евразия экономикалык форумуна чакырды.