Жаңылыктар

09.09.2022

ЕЭК тоскоолдуктарды жоюу боюнча ишти өркүндөтүүдө

ЕАЭБде келишпестиктерди жана талаш жагдайларды жоюу жана товарлардын эркин кыймылын камсыз кылуу маселелери боюнча комитеттин катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюуга карата жаңы мамилелерди карап чыгышты. Отурум 9-сентябрда ЕЭК Коллегиясынын башчысы Михаил Мясниковичтин төрагалыгы астында ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.
Михаил Мясникович белгилеп өткөндөй, Комиссия ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларынын тапшырмасы боюнча тоскоолдуктарды жоюуга карата мамилелерди өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыкты.

"Өткөн жылда мүчө мамлекеттер өз ара сооданын рекорддук көлөмүн камсыз кылышты – 73,1 млрд АКШ доллары, өсүш 2020-жылга салыштырмалуу 32,8% түздү, бирок муну менен гана токтоп калбашыбыз керек. Өз ара сооданын андан аркы өсүшү үчүн тоскоолдуктарды жоюуга карата жаңы мамилелер керек", – деди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.


ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Варос Симоняндын айтуусу боюнча, бөгөттөрдү жоюу боюнча иш план ченемдүү жүрүүдө, жана үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Бирликтин мамлекеттери беш бөгөттү жана бөгөт белгилери бар үч тоскоолдукту жоюшту. Чектөөлөр жана алып коюулар менен иштөөгө карата мамилелерди өзгөртүү керек, деп баса белгиледи ЕЭК министри. Эгер буга чейин тоскоолдуктарды жоюу боюнча кезектеги пландык мезгилге карата жалпы жол карталары иштелип чыгып келген болсо, эми ар түрдүү тоскоолдуктар жана ишмердик чөйрөлөрү боюнча өз-өзүнчө жол карталарын түзүү зарылчылыгы пайда болду.

Варос Симонян бул жылы товарлар менен өз ара соода жүргүзүүдө Бирликтин мамлекеттери тарабынан чектөөлөрдүн киргизилишине байланыштуу иш биринчи планга чыкты деп баса белгиледи.

"Комиссиянын аянтчасында марттан бери өзгөчө чектөө чараларын киргизүүдө ыкчам кеңешмелер өткөрүлүп келет. Бул алардын бардык же айрым мүчө мамлекеттер тарабынан ишке ашырылышынын максатка ылайыктуулугун талкуулоого, кабыл алынган чечимдерди түзөтүү мүмкүнчүлүгү менен, алардын кесепеттерин талдоого мүмкүндүк берет, – деп билдирди Варос Симонян. – Мындай мамиленин аркасында биз оң трендди – аталган чаралардын азайышын байкап жатабыз".

Тараптар талкуунун жыйынтыктары боюнча Комиссиянын сунуштарын колдоого алышты. Тоскоолдуктарды бөлүштүрүү методологиясынын учурдагы редакциясына өзгөртүүлөр жана толуктоолор Комиссиянын Кеңешинин кароосуна чыгарылмакчы.

Ошондой эле, кеңешменин катышуучулары ЕАЭБде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында алардын үстүнөн иш жүргүзүлүп жаткан Комиссиянын чечимдеринин долбоорлору боюнча келишпестиктерди талкуулашты.

Мындан сырткары, Бирликтин мамлекеттеринин кемелеринде үчүнчү өлкөлөрдүн кемелери менен кармалган балыктан өндүрүлгөн балык продукциясына же башка продукцияга карата жаңы бажылык жөнгө салууну белгилөөгө тиешелүү келишпестиктер каралды. Буга чейин Бирликтин мамлекеттерине мындай демилгеси менен Россия Федерациясы кайрылган эле. Отурумдун катышуучулары деңиз чарба продукциясын бажылык жөнгө салууну жеңилдетүүгө карата мамилелерди талкуулашып, талкуунун жыйынтыктары боюнча эки тараптуу консультацияларды улантуу сунушталды.