Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренконун төрагалыгы астында Техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча консультативдик комитеттин отурумунда Бажы бирлигинин "Темир жол кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө", "Жогорку ылдамдыктагы темир жол транспортунун коопсуздугу жөнүндө" жана "Темир жол транспортунун инфраструктурасынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенттерине № 2 өзгөртүүлөр ачык талкууга жөнөтүү үчүн жактырылды.
ЕЭК Коллегиясынын отурумунда кароо үчүн Бажы бирлигинин "Чакан кемелердин коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине № 1 өзгөртүүлөрдүн долбоору жана Бирликтин эки техрегламентине — "Жарандык коргонуу жана табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо үчүн арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө" жана "Метрополитендин кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө" — мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программасы жактырылды.
Ошондой эле Консультативдик комитет ЕЭК Коллегиясынын отурумунда Ветеринардык багыттагы дезинфекциялык, дезинсекциялык жана дезакаризациялык каражаттардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу эрежелерин кароо үчүн жиберүүнү сунуштады, анда Бирликтин рыногунда товарлардын бул түрлөрүн жүгүртүү үчүн бирдиктүү талаптар жана шарттар каралат. Ошондой эле ЕЭК Кеңешинин 2022-жылдын 21-январынданы № 1 чечимине өзгөртүүлөрдүн долбоору каралды, ал медициналык колдонуу үчүн дары каражаттарын жана ветеринардык дары каражаттары маркалоого карата талаптарды, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин тиешелүү өндүрүштүк практикасынын эрежелерин аткаруу үчүн өткөөл мезгилдерди аныктайт.
Бирлик мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын сунуштары боюнча Консультативдик комитет Евразия экономикалык бирлигинин "Химиялык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентин ишке ашыруунун алкагында экинчи деңгээлдеги документтерди түзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун актуалдаштырылган курамын бекитти.
Комиссия тарабынан жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштеринин, анын ичинде Бирликтин техрегламенттеринин илимий-техникалык деңгээлин баалоо боюнча жыйынтыктардын негизинде, Бирликтин айрым техникалык регламенттерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кароонун жыйынтыктары боюнча мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары техникалык регламенттерди иштеп чыгуу планына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо үчүн мындай ИИР жыйынтыктарын кошумча иштеп чыгышат.