Евразия экономикалык комиссиясы "Фармстандарт-Лексредства" ААК россиялык компаниясынын нысапсыз атаандаштык жөнүндө арызын карап чыкты.
Арыз ээсинин маалыматы боюнча, "ЭСКО-ФАРМ" ЖЧКсы (Армения Республикасы) ЛОР-органдарынын ооруларын дарылоо үчүн кеңири белгилүү дары-дармектердин аталыштарына ("Ингалипт", "Каметон", "Фурацилин") "Ингалипт Виалайн", "Каметон Виалайн", "Фурацилин Виалайн" аталыштары менен парфюмердик-косметикалык продукцияларды (ооз көңдөйүнүн гигиена каражаттарын) саткан. Мындай окшоштук керектөөчүлөрдө ушул товарларда дарылык касиеттер бар деген адашкан пикир жаратышы мүмкүн.
Арызды карап чыгып, Комиссия "ЭСКО-ФАРМ" ЖЧКсына эскертүү берди. Белгиленген мөөнөттө компания аталган парфюмердик-косметикалык продукцияны өндүрүүнү жана сатууну токтотту. Эскертүүнүн бардык талаптарынын белгиленген мөөнөттө аткарылышын эске алуу менен Комиссия арызды кароону токтотту.
"Арызды кароонун жүрүшүндө товарлардын маркетплейстердеги карточкаларында бул парфюмердик-косметикалык продукция ринит, тонзиллит, ангина жана ЛОР-органдарынын башка ооруларын дарылоо үчүн колдонулушу мүмкүн экендиги көрсөтүлгөн. Анткен менен Бажы бирлигинин "Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техрегламенти ооруларды диагностикалоо жана дарылоо үчүн колдонулуучу товарларга жайылтылбайт", – деп белгиледи ЕЭКтин Монополияга каршы жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары Ольга Королькова.
Сатып алуучуларды коргоо жана "ЭСКО-ФАРМ" ЖЧКсынын иш-аракеттеринин кесепеттерин жоюу үчүн Комиссия россиялык белгилүү маркетплейстердин – Wildberries, Ozon жана "Яндекс Маркет" өкүлдөрүнө кайрылган. Аянтчалар товарлардын тиешелүү карточкаларын тез арада бөгөттөштү жана жеткирүүчүнү продукциянын дарылык касиеттери жөнүндө маалыматты алып салууга милдеттендиришти. Мындай жол менен компаниялар ЕЭКке Бирликтин дары-дармектер рыногунда ак ниет атаандаштыкты калыбына келтирүүгө жардам беришти.