Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогу Whoosh компаниясынын финансылык директоруна эскертүү берди.
Эскертүү Whoosh компаниясынын финансылык директору Александр Синявскийдин "Интерфакс" маалымат тобунун сайтына жайгаштырылган самокаттарды ижарага берүү кызматтарына тарифтердин наркы олуттуу жогорулашы мүмкүн экендиги тууралуу ачык билдирүүсүнө байланыштуу берилди.
Бул ачык билдирүү самокаттарды ижарага берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн товардык рыногуна олуттуу таасирин тийгизиши жана тыюу салуу Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 76-беренесинде белгиленген атаандаштыктын бузулушуна алып келиши мүмкүн.