Жаңылыктар

13.02.2023

ЕЭК чек ара аралык рынокто автомобилдерди оңдоо кызмат көрсөтүүсү боюнча эскертүү берди

Евразия экономикалык комиссиясынын монополияга каршы блогу тарабынан Россия жана Казакстан рынокторунда автомобилдерди оңдоо боюнча кызмат көрсөткөн Россия Федерациясынын чарбакер субъектисинин директоруна эскертүү берилди.

Эскертүү компаниянын жетекчисинин, анын пикири боюнча 2023-жылдын ортосунда Россияда автомобилдерди оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн наркын жогорулатуу жөнүндө ачык билдирүүсүнө байланыштуу берилди. Мындай билдирүүнү ал gazeta.ru интернет-басылмасынын кабарчысы менен билдирүүдө жасаган жана Интернет тармагында жайгаштырылган. 

Чарбакер субъекттин рынокто белгилүүлүгүн, Россиянын жана Казакстандын шаарларында франчайзилердин көп санын эске алуу менен, мындай билдирүү автосервис кызмат көрсөтүүлөрүнүн товардык рыногуна олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн жана атаандаштыктын бузулушуна алып келиши мүмкүн, ал эми бул Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 76-беренеси менен тыюу салынган. 

Эске салсак, эскертүү ЕАЭБдин укугунда "жумшак жөнгө салуунун" инструменти болуп саналат. Мындай жөнгө салуу 2021-жылы киргизилген.

Трансчек ара рыногунда пландалган жүрүм-турумун ачык жарыялагандыгы үчүн жеке адам дагы, чарба жүргүзүүчү субъекттин кызмат адамы дагы, эгерде мындай жүрүм-турум атаандаштыктын жалпы эрежелеринин бузулушуна алып келсе, эскертүү ала алат. 

Берилген эскертүүгө комментарий берүүдө ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султанов белгилегендей, улуттуктан жогорку жөнгө салуучу өз ишинде атаандаштык эрежелерин бузуунун кесепеттери менен күрөшүүгө эмес, тобокелдиктерди башкаруунун алдын алуучу тутумун түзүүгө басым жасайт.