Үч миллионго жакын россиялык рубль өлчөмүндөгү жазапулдарды "Казакстан Республикасынын кесипкөй бухгалтерлеринин палатасы" бухгалтерлердин кесиптик уюму (Казакстан Республикасы), "Сертификатталган коомдук бухгалтерлердин евразиялык институту" жоопкерчилиги чектелген шериктештиги (Казакстан Республикасы), "Кыргызстандын кесипкөй бухгалтерлер жана аудиторлор институту" коомдук бирикмеси (Кыргыз Республикасы) жана "СИПАЕН" мекемеси (Кыргыз Республикасы) төлөшү керек болот.
Мындай чечимди Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ЕАЭБ трансчек аралык рыногунда нысапсыз атаандаштык фактылары боюнча ишти кароонун жыйынтыктары боюнча 2023-жылдын 17-январында кабыл алды.
Каржы кызматкерлерин окутуу жана аларга CIPA/СРА/СРА EURASIA квалификациялык эл аралык сертификатын ыйгаруу боюнча кызмат көрсөткөн Сертификатталган коомдук бухгалтерлердин россиялык институтунун (СКБИ) Комиссияга кайрылуусу тергөө үчүн негиз болгон.
Иштин жүрүшүндө аталган компаниялар өздөрүнүн интернет-сайттарында СКБИ ишин токтоткондугу жөнүндө жалган маалыматтарды таратканы аныкталган. Ошол эле учурда алар өз ишмердигин арыз ээсинин бренди жана дизайны алдында CIPA сертификаттоо программасынын уландысы жана өнүгүүсү катары көрсөтүшкөн. Мындай иш-аракеттер кызмат көрсөтүүнү CIPA/СРА/СРА EURASIA сертификаттарын берүү укугунун мыйзамдуу ээсинен сатып алып жатабыз деп ойлогон керектөөчүлөрдү адаштырган. Мындай иш-аракеттердин кесепетинде СКБИ өзүнүн кардарларынын бөлүгүн жоготкон.
ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султановдун сөзү боюнча, компаниялардын аракеттери ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 76-беренесинин 2-пункту менен тыюу салынган нысапсыз атаандаштык катары квалификацияланат.
"Коллегиясынын чечими менен, мыйзам бузган компаниялардын ар бирине 662 500 рублдан жазапул салынган. Трансчек аралык рыноктордо атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузгандыгы үчүн жазапулдарды эсептөө методикасына жана салуу тартибине ылайык, жазапулдар укук бузуучу кайсыл мамлекеттин аймагында катталса, ошол мамлекеттин бюджетине төлөнөт. Башкача айтканда бул жазапулдар Казакстандын жана Кыргызстандын бюджетине улуттук валюталарда, чечим чыгарылган күнгө карата курс боюнча төлөнөт", - деп белгиледи министр.
Атаандаштыкка каршы аракеттерди токтотуу максатында, Коллегиянын чечими менен, ошондой эле жоопкерлерге: интернет-сайттардан чындыкка дал келбеген маалыматтарды алып салуу жана келечекте трансчек аралык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда коомдук бухгалтерлерди окутуу жана сертификаттоо программалары менен байланышкан ак ниетсиз жүрүм-турумдан алыс болуу милдеттендирилген.
Коллегиянын чечими ЕЭКтин расмий сайтында жарыяланган учурдан тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.