Жаңылыктар

17.05.2024

ЕЭК бирдиктүү рынокту бирликтик талаптарына ылайык келбеген продукциядан коргойт

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарынын, ошондой эле мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) органдарынын аккредитация боюнча органдары менен өз ара аракеттенүү тартибинин долбоору ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин директорунун орун басары Татьяна Николаеванын жетекчилиги алдында Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында болуп өткөн кеңешмеде каралды.

Документ Стратегия-2025тин 4.7.1-пунктун ишке ашыруу максатында даярдалган.

Талкуунун жүрүшүндө ЕАЭБ мамлекеттеринин эксперттери Бирликтин бирдиктүү рыногун бирликтик мыйзамдардын талаптарына ылайык келбеген продукциядан коргоого тиешелүү көйгөйлүү маселелерди карашты. Алардын арасында — мүчө мамлекеттердин контролдоочу башка органдарына ыкчам маалымдоо үчүн, өз аймагында ушундай продукция табылганда көзөмөлдөө органынын иш-аракеттеринин ырааттуулугу, ошондой эле маалымдоо системасынын алкагында берүү үчүн маалыматтардын зарыл курамы талкууланды.

Аталган продукцияга карата чараларды кабыл алууда контролдоо органдары тарабынан ишке ашырылып жаткан мамилелер, андан тышкары, улуттук мыйзамдарга ылайык көзөмөлдөө органдары же башка ыйгарым укуктуу органдар тарабынан шайкештикти баалоо жөнүндө документтердин колдонулушун токтотууга же токтото турууга карата мамилелер каралды.

Мүчө мамлекеттердин биринин аймагында алардын колдонулушу токтотулган же токтото турулган учурда Бирдиктин шайкештикти баалоо жөнүндө документтеринин бирдиктүү реестринде шайкештикти баалоо жөнүндө документтердин юридикалык статусу талкууланды.

"Өз ара аракеттенүү тартибин кабыл алуу Бирлик өлкөлөрүнүн мамлекеттик контролдоо органдарына жооп кайтаруу чараларын кабыл алуу үчүн маалымдоо тутумунун алкагында талаптарга ылайык келбеген продукция жөнүндө маалыматты ыкчам алмашууга мүмкүндүк берет", – деп белгиледи Татьяна Николаева.

Мамлекеттик контроль (көзөмөл) органдарынын, анын ичинде аккредитациялоо боюнча органдар менен ыкчам өз ара аракеттенүүсү бирдиктүү рынокту талаптарга ылайык келбеген продукциялардан жана шайкештикти баалоо жөнүндө негизсиз берилген документтерден коргоого жардам берет.

Тартиптин долбоору Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кароосуна ушул жылдын аягына чейин чыгарылат.