Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү 6-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында өткөн семинарда ЕАЭБ өлкөлөрүндө керектөө бааларынын туруктуулугун колдоо чараларын талкуулашты.
Дүйнөлүк баалардын өсүшүнүн, соода-экономикалык чектөөлөрдүн жана жеткирүүлөрдүн логистикалык чынжырларын кайра куруунун шарттарында евразиялык "бешилтиктин" мамлекеттери инфляция боюнча улуттук максаттарга жетүү үчүн баалардын өсүшүн токтотууга багытталган чараларды көрүшкөн.
Керектөө бааларын турукташтыруу үчүн монетардык жөнгө салуучулар акыркы жылдары негизги чендерди жогорку деңгээлде сакташкан. Бирликтин көпчүлүк өлкөлөрүндө ыйгарым укуктуу органдар тарабынан айрым социалдык маанилүү товарларга бааларды убактылуу жөнгө салуу, товарлардын айрым түрлөрүнүн экспортун чектөө, ички рынокту толтуруу, соодадагы үстөк бааларга мониторинг жүргүзүү, жеңилдетилген насыяларды жана салыктык жеңилдиктерди, ошондой эле айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө субсидияларды берүү боюнча чаралар көрүлгөн.
Көрүлгөн чаралардын өз убагында жана кеңири болушунан улам ЕАЭБ өлкөлөрүндө инфляциянын турукташуусу жана баалардын туруктуулугунун жогорулашы байкалган. Сентябрдын жыйынтыктары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүндө инфляциянын деңгээли: Арменияда – 0,6%ды, Беларуста – 6,0%ды, Казакстанда – 8,3%ды, Кыргызстанда – 4,9%ды, Россияда – 8,6%ды түзгөн.
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктаган макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү эсептөө жана аларды сактоо боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү семинарга катышышты.
Бирлик жөнүндө келишимге ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугун аныктоочу негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн бирине инфляциянын деңгээли кирет. Комиссия Бирлик өлкөлөрүндө инфляциянын деңгээлине туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турат: https://eec.eaeunion.org/upload/medialibrary/c62/51lifdqd70f5xh16q0rlpl0faaioegi1/Monitoring-pokazateley_-opredelyayushchikh-ustoychivost.pdf.