Жаңылыктар

01.11.2023

Эльдар Алишеров: "ЕАЭБде бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү интеграциялык процесстер жаңы, санариптик фазага өттү"

Евразия экономикалык бирлигинде бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү интеграциялык процесстер маалыматтык тутумдарды жана санариптик технологияларды камтуу менен жаңы фазага кирди. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров 31-октябрда Москвада өткөн Эл аралык бажы форумунда билдирди.

"Үстүбүздөгү жыл ЕАЭБ органдарында Россиянын төрагалыгы астында өтүп жатат жана мүчө мамлекеттердин башчыларына кайрылуусунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Төрагасы, Россиянын Президенти Владимир Путин стратегиялык багыттардын арасында Бирликте бажы ишин өркүндөтүүнү атаган, - деп белгиледи Эльдар Алишеров. - Кеп, атап айтканда, ЕАЭБдин тышкы чек араларында тобокелдиктерди башкаруу тутумун колдонуу менен бажы жол-жоболорун унификациялоо, заманбап экономикалык реалдуулукка ылайык келген жаңы транспорттук-логистикалык инфраструктураны түзүү жөнүндө болууда. Комиссия санариптик технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти колдонуу менен бирликтик өлкөлөр менен биргеликте бул иштин үстүндө иштеп жатат. Бул, албетте, бажы чөйрөсүн өнүктүрүүнүн жаңы этабы".

ЕЭК министри баса белгилегендей, Комиссия жана мүчө мамлекеттер Бирликтин жалпы санариптик мейкиндигин, анын ичинде бажы чөйрөсүндө процесстерди, санариптик өз ара аракеттенүү каражаттарын жана маалыматтык ресурстарды интеграциялоо менен түзүшөт. Бул иш улуттук кызыкчылыктар үчүн жүргүзүлүүдө жана ошол эле учурда евразиялык интеграциянын ийгиликтүү өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. 

Анын айтымында, дүйнөлүк экономикалык процесстерди санариптик трансформациялоо шарттарында ЕАЭБдеги көптөгөн бажы процедуралары "заманбап санариптик рельстерге" буга чейин эле которулган жана которууну улантууда. Бул жерде электрондук бажылык декларациялоо, бажы декларацияларын автоматтык түрдө каттоо, товарларды автоматтык түрдө чыгаруу жана чыгаруу мөөнөттөрүн 4 саатка чейин кыскартуу, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлор институтун өркүндөтүү жана башкалар жөнүндө сөз кылуу жөндүү болот. Бул иштер чынында, бажы процесстерин өнүктүрүүдө жана Бирликтин алкагында гана эмес, мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөлөр менен коопсуз жана натыйжалуу соодасын камсыз кылууда негизги факторлор болуп саналат.