17-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеровдун төрагалыгы астында дүйнөлүк бажы уюму (ДБУ) менен өз ара аракеттенүү боюнча жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун отуруму болуп өттү.
Отурумда 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 11.7.5-пунктунун аткарылышы талкууланды. Кеп Бирлик ДБУ мүчөсү статусун алууга багытталган биргелешкен иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу бөлүгүндө Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери менен ДБУнун мындан аркы кызматташтыгынын перспективалары, ошондой эле ЕАЭБдин ДБУнун негиз салуучу документтерине кошулуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу жөнүндө болду.
"ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча блогу ДБУ менен жигердүү өз ара аракеттенет жана эл аралык стандарттардын негизинде бажы мыйзамдарын өркүндөтүү, бажылык башкаруунун натыйжалуу жана заманбап стандарттарын иштеп чыгуу, бажылык башкаруунун алдыңкы тажрыйбасын киргизүү сыяктуу багыттар боюнча кызматташууну улантат", – деп белгиледи Эльдар Алишеров.
Министрдин пикири боюнча, мындай иш 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын жоболорун, ошондой эле бажы кызматташтыгын уюштуруу бөлүгүндө Евразия экономикалык бирлигинин эл аралык ишмердүүлүгүнүн Негизги багыттарын эске алуу менен Бирликтин бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү укугун модернизациялоонун алкагында актуалдуу.