Жаңылыктар

19.09.2023 (Обновлено: 25.09.2023 13:12)

Эльдар Алишеров: "Технологияларды өнүктүрүүнүн заманбап тренддери инновациялык бажылык башкарууну калыптандырууну өбөлгөлөйт"

Евразия экономикалык комиссиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө бажы мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча кандай иштерди жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров 19-сентябрда Минскте өткөн "Жаңы чакырыктар жана коркунучтар шарттарында евразиялык экономикалык интеграциясынын перспективалары: бажы өлчөмү" эл аралык илимий-практикалык конференциясында айтып берди.

Эльдар Алишеровдун сөзү боюнча, евразиялык экономикалык интеграциянын маанилүү милдеттеринин бири негизги товарлар жана ресурстар менен камсыздоонун жалпы мейкиндигин түзүү болуп саналат, ал эми бул процессте бажы органдары маанилүү ролду ойношот.

"Бажысыз транспорттук-логистикалык инфраструктуранын туруктуу иштешин камсыз кылуу мүмкүн эмес. Транзит эркиндиги, заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу, бажы кызматтарынын ишинин туруктуу жана божомолдонгон укуктук курамы биздин мамлекеттерди бириктирип турган тоскоолдуктарсыз жана коопсуз эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү үчүн ишенимдүү негиз болуп саналат", – деп белгиледи ЕЭК министри.

Эльдар Алишеров Бирликтин бажы транзитинин тутумунун жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу үчүн, ага кызыкдар үчүнчү мамлекеттерди кошуу мүмкүнчүлүгүн караштыруу зарыл экенин айтты.

"Технологияларды өнүктүрүүнүн заманбап тренддери жакынкы келечекте инновациялык бажылык башкарууну калыптандырууну шарттайт, – деп баса белгиледи ЕЭК министри. - Смарт-технологиялардын принциптерин киргизүү, интеллектуалдык өткөрмө пункттарын куруудан баштап проактивдүү автоматташтырылган кызматтарды көрсөтүүгө, чоң маалыматтарды электрондук декларациялоого жана автоматтык түрдө иштеп чыгууга, Бирликтин бажы органдарынын ортосунда ыкчам маалымат алмашууга чейин бардык тараптан аткарылышы керек".


Жалпысынан конференциянын программасы бажы ишинин практикалык жана укуктук компоненттерин камтыды. Аянтчада ЕАЭБде бирдиктүү бажылык жөнгө салуу, бажы мыйзамдарын өзгөртүү, санкциялык кысымга каршы туруу үчүн тыюу салууларды жана чектөөлөрдү киргизүү, бажы кызматтары менен ТЭИ катышуучуларынын ортосунда маалымат алмашууну жакшыртуу маселелери талкууланды.