Page Content4-апрелде Брно
шаарында (Чехия Республикасы) «ЕАЭБ өлкөлөрү - Чех Республикасы: агрардык саясат жана аквакультураны
өркүндөтүү» тегерек столунун отуруму болот. Иш-чара Евразия экономикалык
комиссиясынын (ЕЭК) Агроөнөржай саясаты департаменти тарабынан чехия тарап
менен биргеликте «TЕХАГРО-2016» ( Брно ш., Чехия
Республикасы, 3-7-апрель 2016-ж) эл аралык көргөзмөсүнүн ишкер
программасынын алкагында уюштурулат. Тегерек столду өткөрүү Евразия
экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн Чехия Республикасы менен
агроөнөржай тармагында кызматташууну өркүндөтүүгө багытталган.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн
өкүлдөрү, Чехия Республикасынын Айыл чарба министрлигинин, Агрардык Палатасынын
жана балык багуу уюмдарынын өкүлдөрү катышуусу болжолдонууда.
Иш-чарага катышуу
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн айыл чарба министрликтеринин, тармактык биримдиктеринин,
агробизнестин өкүлдөрүнө кызыктуу болот, анткени Биримдик өлкөлөрүнүн калкын
жогорку баалуулуктагы азыктар менен камсыз кылууда аквакультуранын өзгөчө
мааниси бар. Тегерек столду өткөрүү агроөнөржай тармагында үчүнчү өлкөлөр менен
эң актуалдуу маселелерди, анын ичинде аквакультураны өнүктүрүү боюнча да,
биргеликте талкуулоого мүмкүндүк берет. Атап айтканда, Чехия Республикасынын
балык багуу тармагындагы маанилүү тажрыйбасын карап чыгуу пландалууда.
Тегерек столдун
отурумуна катышууга чакырабыз.
Агроөнөржай
саясаты департаментинде байланышуучу адам - агроөнөржай саясаты, мамлекеттер
аралык программалар жана долбоорлор бөлүмүнүн кеңешчиси
Клементьева
Алла Леонидовна, тел. +7 495 669 24 00 кош. 4852, электрондук почта
klementieva@eecommission.org.