Page Content11-ноябрда
Москвада Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн евразиялык интеграция
проблематикасын профессионалдуу изилдеген жаш эксперттер, окумуштуулар жана
журналисттер үчүн “Күзгү мектеп” өз ишин аяктайт. Окуу Евразия экономикалык
комиссиясы (ЕЭК) жана Эл аралык иштер боюнча россиялык кеңеш (ЭИРК) тарабынан
уюштурулган. Программа евразия экономикалык интеграциясынын
приоритеттерине жана инструменттерине арналган. “ЕАЭБ: интеграция ар бир адам
үчүн. Натыйжалар жана 2025-жылга чейинки перспективалар” - 2016-жылдагы
“мектептин” окуу темасы. Сабактар бир жума аралыгында өткөрүлдү.
Долбоордун максаты - Евразия
экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн эксперттерин, окумуштууларын жана
журналисттерин Евразия экономикалык комиссиясынын иши менен тааныштыруу,
интеграциялык процесстер боюнча жеке пикирин жана Евразия экономикалык
биримдигинин ишин өнүктүрүү боюнча сунуштарды түзүүгө өбөлгө түзүү.
Мектептин жабылыш аземинде ЕЭК
Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян жана ЭИРК башкы директору Андрей
Кортунов чыгып сүйлөөсү пландаштырылат.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн журналисттерин
11-ноябрь саат 12.00дө мектептин жабылыш аземине, ошондой эле ЕЭК жана ЭИРК спикерлеринин
ачык лекцияларына катышууга чакырабыз.
“Мектептин” ишинин акыркы күнү
11-ноябрь саат 10.00дө Россиянын ТИМинин ММЭМИ (МГИМО) интеграциялык процесстер
кафедрасынын башчысы, саясий илимдердин кандидаты Николай Кавешниковдун
“Интеграцияны, ички өнүмдүн өсүшүн өбөлгөлөө: ЕС тажрыйбасы жана мыкты
практикалары. ЕАЭБ үчүн сунуштар” темасындагы лекциясы менен ачылат.
Саат 11.00дө эл аралык кызматташтык,
дүйнөдө ЕАЭБ позициясы жана Биримдиктин атаандаштык артыкчылыктары жөнүндө
лекциясы менен ЕЭКтин Соода саясаты департаментинин директору Антон Кудасов
чыгып сүйлөйт.
Ачык лекциялар жана “мектептин” жабылыш
аземи төмөнкү дарек боюнча өткөрүлөт: Москва ш., Смоленск бульвары, 3/5-үй, ЕЭК
пресс-борбору - 316 каб.
Аккредитация 11-ноябрь саат 10.00 чейин
ачык.
Аккредитация
үчүн байланыш маалыматтары: ЕЭК пресс-кызматынын кызматкери Юлия
Назарова, е-mail:jnazarova@eecommission.org, тел. 8 (495)
669-24-00, кош. 41-47.