Page Content13-14-октябрда
М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин экономикалык
факультети Евразия экономикалык комиссиясы менен биргеликте “ЕАЭБ мейкиндигинде
каржылык жөнгө салуу: көйгөйлөр жана перспективалар” эл аралык конференциясын
уюштурат.
Евразия
экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жөнүндө келишимдин эң маанилүү жоболорунун бири
болуп “Биримдиктин алкагында жалпы каржы рынокторун түзүү жана мүчө
мамлекеттердин каржы рынокторуна басмырланбаган жеткиликти камсыздоо максатында
мүчө мамлекеттердин экономикалык интеграциясын тереңдетүү” болуп саналат.
ЕАЭБ үчүн
базалык документ катары ал окумуштуу-изилдөөчүлөрдүн жана ошондой эле каржы
рынокторунун практиктеринин жана жөнгө салуучу органдардын алдына жаңы
милдеттерди коет. Жалпы каржы рынокторун иштетүү маселелери жогору илимий жана
практикалык актуалдуулукка ээ болууда, мисалы: ким, кантип жана кандай
ырааттуулукта аны түзөт, анда кандай секторлор камтылат, аны жөнгө салуу кайсыл
принциптердин негизинде жүргүзүлөт.
Конференция
жолугушуулар жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кызыкдар адистери тарабынан бул актуалдуу
маселелерди талкуулоо үчүн аянтча катары каралат.
Иш чарага
катышууга Биримдиктин академиялык жана ишкер коомчулугунун, улуттук жана
улуттуктун үстүндөгү жөнгө салуучу органдарынын өкүлдөрү чакырылат.