Жаңылыктар

25.11.2016

ЕАЭБтин ички рынокторунда тоскоолдуктарды аныктоо жана четтетүү маселелери боюнча тегерек стол “Оренбуржье - Евразия жүрөгү” эл аралык форумунун алкагында өткөрүлөт

Page Content25-ноябрда “Оренбуржье - Евразия жүрөгү” эл аралык форумунун алкагында “Тоскоолдуктарды, алып коюуларды жана чектөөлөрдү аныктоо жана четтетүү - Евразия экономикалык биримдигинин алкагында ички рыноктордун натыйжалуу ишин камсыздоо жана чек арага жакын жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жолу катары” тегерек столу болуп өтөт. Тегерек столдун уюштуруучуларынын бири Евразия экономикалык комиссиясы болуп эсептелет. Тегерек столдун ишине ЕЭКтин Ички рыноктордун иши департаментинин директору Илья Черный катышат. Ал ички рыноктордо тоскоолдуктарды аныктоо жана четтетүү доклады менен чыгып сүйлөйт. Ошондой эле ал, Евразия экономикалык комиссиясы Биримдик өлкөлөрүнүн ички рынокторунда тоскоолдуктарды, алып коюуларды жана чектөөлөрдү аныктоодо жана бөлүп кароодо колдонгон методологиялык ыкмалары жөнүндө, ошондой эле өз ара соодада көйгөйлүү жагдайлар болгон учурларда бизнес-коомчулугунун  ЕЭКке кайрылуу боюнча мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берет.​