Календарь

20.10.2015

ЕЭК Министри Татьяна Валоваянын макулдашылган макроэкономикалык саясатты ишке ашыруу жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө курстун түзүлүшүнө анын тийгизген таасири жөнүндө пресс-конференциясы

Page Content20-октябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча Коллегия Мүчөсү Татьяна Валовая менен БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) глобалдаштыруу жана өнүктүрүүнүн стратегиялары бөлүмүнүн башкы экономисти Игорь Пауновичтин биргелешкен пресс-конференциясы өткөрүлмөкчү. Пресс-конференция "Аймактык интеграциялык бирикмелердин макроэкономикалык саясатын координациялоонун заманбап тенденциялары: мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар" эл аралык аймактык семинарынын жыйынтыгы боюнча өтөт. ЮНКТАД жана Эл аралык банк менен биргеликте ЕЭК тарабынан уюштурулган семинар ошол эле күнү - 20-октябрда болот. Интеграциянын негизги багыттары жана макроэкономика боюнча Министр Татьяна Валовая журналисттерге глобалдык экономиканын өнүгүүсүнүн тенденцияларын жана дүйнөлүк товардык-сырьелук рыноктордо баалардын волатильдүүлүгүн эске алуу менен макулдашылган макроэкономикалык саясатты жүзөгө ашыруу жана ЕАЭБтин мүчө мамлекеттеринде курстун түзүү элементтерине анын тийгизген таасири жөнүндө айтып бермекчи. Өз кезегинде ЮНКТАД эксперттери "Соода жана өнүгүү жөнүндө доклад - 2015" сунушташат, ал эл аралык финансылык архитектураны реформалоо маселелерине арналган. Журналисттерди 20-октябрда 12.30 өтө турган пресс-конференцияга катышууга жана кызыккан суроолорду берүүгө чакырабыз. Пресс-конференция төмөнкү дарек боюнча өткөрүлөт: 119121, Москва ш., Смоленск бульвары, 3/5 -үй, 1-курулуш. Иш-чарага аккредитация алуу үчүн zhiteneva@eecommission.org электрондук дареги же 8 (495) 669-24-00, кош. 41-69, 8-925-052-92-62 телефондору аркылуу ЕЭКтин пресс-кызматынын кеңешчиси Алена Житеневага кайрылуу керек. Аты-жөнүңүздү, ээлеген кызматыңызды, ММКнын аталышын билдирип, ошондой эле аппаратуранын тизмесин берүү зарыл. ​