Жаңылыктар

28.10.2016

“ЕАЭБ аймагында RFID-технологияларын өнүктүрүүнүн перспективалары” тегерек столу

Page Content28-октябрда 10:00дө “Евразия жумалыгы” форумунун алкагында “ЕАЭБ аймагында RFID-технологияларын өнүктүрүүнүн перспективалары” тегерек столу болуп өтөт, анын уюштуруучусу - Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаменти. Иш чара Евразия экономикалык биримдигинин аймагында RFID-технологияларын колдонууну кеңейтүүгө багытталган. Товарлардын маркировкасы керектөөчүлүк товарлардын айланымын көзөмөлдөөнүн эң натыйжалуу куралы болуп эсептелет. Аң-тери буюмдарын маркировкалоо боюнча сынамык долбоорду жүзөгө ашыруунун тажрыйбасы көрсөткөндөй, маркировкалоонун алдыңкы ыкмасы болуп, RFID-идентификациялоо механизмин колдонуу болуп саналат. Товарларды маркировкалоодо RFID-технологияларын колдонуу талашсыз артыкчылыктарга жана товарлардын башка топторуна жайылуу перспективаларына ээ.  Ошону менен бирге бул технологиянын негизги кемчилиги - салыштырмалуу кымбат бааны белгилеп кетүү зарыл. Тегерек стол Биримдик өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн, бизнес-ассоциациялардын, маалыматтык системаларды иштеп чыгуучу уюмдардын, ошондой эле контролдук белгилердин эмитенттеринин жана RFID-белгилерин өндүрүүчүлөрдүн ортосунда сүйлөшүүлөр үчүн аянтча болуп калмакчы. Тегерек столдун алкагында сынамык долбоорлорду жүзөгө ашыруунун тажрыйбасын жүзөгө ашыруу тажрыйбасын эске алуу менен товарлардын айланымын мамлекеттик жөнгө салууда көзөмөл белгилери менен маркировкалоонун ролу, ошондой эле Биримдикте RFID-технологияларын өнүктүрүүгө байланыштуу негизги маселелерди талкуулоо пландаштырылат. Ошондой эле дискуссиянын алкагында RFID-белгилерин өндүрүүнүн толук тизмегин жана Биримдиктин аймагында салыштырып окуу түзмөктөрүн жайылтуу жөнүндө маселелер талкууга сунушталат. Маалымат: 2016-жылдын 12-августунда 2015-2016-жылдарда товарларды контролдоо (идентификациялык) белгилер менен маркировкалоону ишке киргизүү боюнча сынамык долбоордун “Жасалма эмес териден тигилген кийимдер, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар” товардык позициясын ишке ашыруу жөнүндө 2015-жылдын 8-сентябрындагы макулдашуу күчүнө кирген. ​