Жаңылыктар

28.10.2016

“Азия-тынч океан аймактык соода макулдашууларына мамилелер: ЕАЭБ үчүн негизги аспектилер” (Америкалык-Россиялык ишкер кеңеши менен биргеликте)

Page ContentИш чаранын максаты Азия-тынч океан аймагында бүгүнкү күндө түзүлүп жаткан соода эрежелери менен катар бул рыноктордогу иште ЕАЭБ экспортерлору үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жана кыйынчылыктарды карап чыгуу, соода макулдашууларынын келечектеги кесилишүүлөрүн колдонуу менен жеткирүүлөрдүн түзмөктөрүн түзүүгө алардын катышуу мүмкүнчүлүктөрүн баалоо, ошондой эле ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин жана Азия-Тынч океан аймагынын ишкер коомчулуктары ортосунда өз ара иштешүүнү жакшыртуу болмокчу. Иш чарага Евразия экономикалык комиссиясынын, Тышкы сооданын бүткүл россиялык академиясынын, Россиялык-Америкалык Ишкер кеңешинин, Вьетнамдын, Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн, ошондой эле ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү катышат. Иш чаранын күн тартибинде - Азия-Тынч океан аймагында (TPP, RCEP, АТЗСТ) бүткөрүлгөн жана келечекте боло турган перспективдүү соода бүтүмдөрүнүн маселелери, Транстынчокеан өнөктөштүгүндө бизнес үчүн перспективаларды жана үчүнчү өлкөлөр, “Бир алкак - Бир жол” кытай концепциясы үчүн рыноктук мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо, наркты түзүү түзмөгүн калыптандыруу үчүн ЕАЭБ жана Вьетнамдын ортосунда Эркин соодалашуу жөнүндө макулдашууну колдонууда бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн, Ар тараптуу аймактык экономикалык өнөктөштүк үчүн Чыгыш Азиянын борборунда эркин соодалашуу жөнүндө макулдашуунун ролун аныктоо жана башка маселелер болмокчу.