Жаңылыктар

22.11.2016

“Антиконтрафакт-2016” Эл аралык төртүнчү форуму

Page Content22-ноябрдан 24-ноябрга чейин Ереванда Армения Республикасынын Өкмөтүнүн, Евразия экономикалык комиссиясынын жана Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министрлигинин колдоосу менен интеллектуалдык менчиктин укуктарын коргоо маселелерине, өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз айланымына каршы аракеттерди көрүүгө арналган  “Антиконтрафакт-2016” Эл аралык төртүнчү форуму болуп өтөт. “Антиконтрафакт-2016” форуму Евразия экономикалык биримдигинде дайыма өткөрүлүп туруучу борбордук дискуссиялык аянтча болуп эсептелет. Бул жерде мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, ири эл аралык компаниялардын жана уюмдардын башчылары, бул жааттагы алдыңкы эл аралык эксперттер цивилизациялуу рынокторду өнөр жай өнүмүнүн, анын ичинде контрафакттык жана фальсификацияланган продукциялардын мыйзамсыз айланымынан коргоо, ошондой эле интеллектуалдык менчик укуктарын камсыздоо маселелерин талкуулай алышат. Форумдун негизги максаттары товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн цивилизациялуу рыногун түзүү максатында конструктивдүү диалогду уюштуруу жана мүчө мамлекеттердин, бизнес чөйрөлөрүнүн, илимдин жана  коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу болуп саналат. Форумдун алкагында бажы, бажылык жөнгө салуу жана сертификатоо, кадрдык потенциалды түзүү, мүчө мамлекеттердин өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз айланымы чөйрөсүндө мыйзамдарын айкалыштыруу, интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарына укуктарды коргоо, керектөө рыногунун маселелери каралат.  Мындан тышкары, жаштар секциясы өткөрүлөт. Форумга катышууга кызыкдар ведомстволордун, коомдук бирикмелердин жана ишканалардын өкүлдөрү, ошондой эле профилдик жааттардагы эксперттер чакырылат. Форум ЖМК, чет элдик медиалар тарабынан кеңири чагылдырылат. ЕЭК бардык кызыкдар тараптарды “Антиконтрафакт-2016” Эл аралык төртүнчү форумунун ишине катышууга чакырат. Уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат www.anti-counterfeiting.ru сайтында же төмөнкү телефондор аркылуу жеткиликтүү: +7 (495) 911-71-93. Факс: +7 (495) 911-74-41. Моб.: +7 (926) 096-61-41.