Page Content31-июлда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) аянтчасында
Агроөнөр жай саясаты департаменти ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Сергей Сидорскийдин төрагалыгы алдында
Агроөнөр жай комплекси боюнча консультативдик комитеттин он экинчи отурумун
өткөрөт.
Отурумга Евразия экономикалык биримдигинин мүчө
мамлекеттеринин министрликтеринин, ведомстволорунун, эксперттик жана
бизнес-коомчулугунун, тармактык союздарынын жана ассоциацияларынын өкүлдөрү
катышуусу пландаштырылат.
Отурумда төмөнкү маселелер талкууланмакчы:
- Евразия экономикалык биримдигинин мүчө
мамлекеттеринин АӨК чөйрөсүндө биргелешкен илимий-изилдөөчүлүк жана
тажрыйбалык-конструктордук иштерин уюштуруунун тартибинин долбоору;
- ЕЭК Коллегиясынын “ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин айыл
чарба продукциясынын жана азык-түлүктөрүнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү
жаатында макулдашылган иш-аракеттери жөнүндө” сунуш-көрсөтмөсүнүн долбоору;
- ЕЭК Коллегиясынын “Евразия экономикалык
биримдигинин мүчө мамлекеттеринин агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө илимий жана
инновациялык ишмердүүлүгү жөнүндө” сунуш-көрсөтмөсүнүн долбоору;
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын
“Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекети айыл чарбасын мамлекеттик
колдоо жагында милдеттенмелерди бузган учурда компенсация төлөп берүү тартиби
жөнүндө”
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин чечиминин долбоору жөнүндө”
тескемесинин долбоору.
Иш чара өткөрүлүүчү жер: Москва ш.,
Летниковская көч., 2-үй,
2-кур., С корпусу, каб. С-1022. Башталышы:
14.00.