Жаңылыктар

29.09.2016

Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитет

Page Content29-сентябрда Минскте ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Тимур Сулейменовдун жетекчилиги алдында Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитеттин кезектеги отуруму болуп өтөт. Отурумда 2015-жылдын 8-сентябрындагы Интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды коргоо боюнча иш-аракеттерди координациялоо жөнүндө келишимди жүзөгө ашыруу механизмдери каралат. Аталган Келишим 2016-жылдын 19-июлунда күчүнө кирген. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин товардык белгиге, Евразия экономикалык биримдигинин товардык белгисине өзгөчө укукту аягына чыгаруу принцибин колдонууга байланыштуу Тескемесин жүзөгө ашыруунун жүрүшү талкууланат. Ошондой эле комитеттин мүчөлөрү Евразия экономикалык биримдигинин товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлардын келип чыккан жерлеринин аталышы жөнүндө келишимдин долбоору, Жамааттык негизде автордук жана аралаш укуктарды башкаруунун тартиби жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча кол коюуга зарыл болгон мамлекет ичиндеги процедураларды (МИП) өткөрүү, ошондой эле 2010-жылдын 21-майындагы Бажы биримдигинин өлкөлөрүнүн Интеллектуалдык менчик объекттеринин бирдиктүү бажы реестри жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору боюнча мамлекет ичиндеги процедуралардын аягына чыгарылышы жөнүндө маалыматты карашат. Мындан тышкары, күн тартибине Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүндө патенттик алымдардын өлчөмүнө, ошондой эле Биримдиктин товардык белгилерин, тейлөө белгилерин жана Биримдиктин товарларынын келип чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, укуктук коргоо жана колдонуу процесстерин маалыматтык-техникалык камсыздоого, Евразиялык биримдик өлкөлөрүнүн интеллектуалдык менчик объекттеринин бирдиктүү бажы реестрин жүргүзүүгө байланыштуу маселелер киргизилген.  Кыргыз Республикасынын өкүлү өлкөдө товардык белгиге өзгөчө укукту аягына чыгаруунун аймактык принциби иштеген шарттарда ээлик кылуучу субъекттердин ишмердүүлүктү жүргүзүүгө  адаптациясы боюнча иш-чаралардын планын Кыргызстан кандай аткарып жатканы жөнүндө маалымат берет.  План республика Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келшимге кошулуусуна байланыштуу кабыл алган милдеттемелерди аткаруунун алкагында иштелип чыгарылган. Биримдик жөнүндө келишимге Армения Республикасынын кошулуусуна байланыштуу республика интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө кабыл алган милдеттердин аткарылышы жөнүндө Армениянын өкүлү айтып берет. Ошондой эле кеңешменин катышуучулары “Антиконтрафакт” эл аралык форуму жөнүндө жобонун долбоорун; Интеллектуалдык менчикти коргоону жана контрафакттык жана мыйзамсыз продукцияга каршы аракеттерди координациялоо боюнча борбордун түзүлүшүн; ЕЭК Коллегиясына караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитетке караштуу Эксперттик топ жөнүндө жобонун долбоорун; Биримдик өлкөлөрүндө ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүүнүн шарттарында франчайзингди өнүктүрүү чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелерди талкуулашат. Ошондой эле кеңешменин катышуучулары “Антиконтрафакт” эл аралык форуму жөнүндө жобонун долбоорун; Интеллектуалдык менчикти коргоону жана контрафакттык жана мыйзамсыз продукцияга каршы аракеттерди координациялоо боюнча борбордун түзүлүшүн; ЕЭК Коллегиясына караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитетке караштуу Эксперттик топ жөнүндө жобонун долбоорун; Биримдик өлкөлөрүндө ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүүнүн шарттарында франчайзингди өнүктүрүү чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелерди талкуулашат.