Жаңылыктар

19.10.2023

ЕЭКте интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү евразиялык интеграциялык күн тартиби талкууланды

Евразия экономикалык комиссиясынын Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү рыногунда контрафакттык товарлар менен күрөшүү боюнча укук колдонуу практикасына жыл сайын мониторинг жүргүзүү боюнча ишине жогорку бааны ЕЭКтин Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитетинин мүчөлөрү беришти, отурум Комиссиянын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаевдин төрагалыгы астында 18-октябрда ЕЭКтин штаб-квартирасында өттү. 

Бирлик өлкөлөрүнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле бизнес-коомдоштуктарынын өкүлдөрү баса белгилегендей, мындай мониторингдин натыйжалары боюнча сунуштамалар ыйгарым укуктуу органдарга контрафакт менен күрөшүү стратегиясын өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Комиссиянын экономика жана каржы саясаты боюнча блогунун өкүлдөрүнүн айтымында, 2022-жылы ЕАЭБ мамлекеттеринде интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө 6054 тартип бузуу катталган. Ошол эле учурда табылган контрафактылык товарлардын көлөмү 8,7 миллионго жакын бирдикти түздү, алардын арасында – кийим жана бут кийим, оюндар жана оюнчуктар, автомобилдер үчүн тетиктер, басма жана фармацевтикалык продукция бар. Комиссия Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары менен биргеликте ак ниеттүү өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна кооптуу болушу мүмкүн болгон жасалмалардан коргоо үчүн бардык аракеттерди жасап жатышат.

Ошондой эле отурумдун катышуучулары Комиссия менен КМШ Аткаруу Комитетинин ортосундагы интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жолдорун талкуулашты.

Мындан тышкары, товардык белгилер, тейлөө белгилери жана Бирликтин товарлары чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишимди ишке ашыруу, Интернет түйүнүндө интеллектуалдык менчик укуктарынын бузулушуна каршы күрөшүүдө макулдашылган мамилелерди түзүү жана башка бир катар маселелер тууралуу маалымат берилди.

Комиссия тарабынан 2019-2023-жылдарга аналитикалык серепти даярдоо жөнүндө макулдашууга жетишилди, анда интеллектуалдык менчик чөйрөсүн өнүктүрүүнүн негизги дүйнөлүк тренддери изилденет, мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына салыштырма талдоо жүргүзүлөт жана тиешелүү сунуштар иштелип чыгат. Бул аналитикалык иштин натыйжалары Бирлик өлкөлөрүнүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө кызматташтыгын тереңдетүүгө, интеллектуалдык менчик объектилерин коргоонун, сактоонун жана пайдалануунун улуттук тутумдарын өркүндөтүүгө жардам берет.

Маалымат

Интеллектуалдык менчик боюнча консультативдик комитет 2012-жылдын 25-сентябрында түзүлгөн. Анын курамына ЕАЭБ мамлекеттеринин министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери, жетекчилердин орун басарлары жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Комитет Комиссия үчүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө сунуштамаларды даярдоо менен алектенет, консультацияларды өткөрөт, Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара иштешүүсү боюнча сунуштарды демилгелейт, башка профилдик маселелер боюнча иш алып барат.