Жаңылыктар

05.06.2024

Гоар Барсегян Беларуста ЕАЭБдеги өнөр жайды жана АӨКны андан ары өнүктүрүүнү талкуулады

5-июнда Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегяндын Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүлөргө беларуссиялык тараптан Беларустун өнөр жай министринин биринчи орун басары Александр Огородников, Беларустун экономика министринин орун басары Алеся Абраменко, Беларустун айыл чарба жана азык-түлүк министринин орун басары Алла Ломакина катышышты.

Тараптар Евразия экономикалык бирлигинин өнөр жай жана агроөнөр жай комплексинде кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

Игорь Петришенко "БЕЛАГРО-2024" Эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнүн алкагында Бирлик өлкөлөрүнүн делегация башчылары тарабынан айтылган тезистердин контекстинде ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле өнөр жай кооперациясына каржылык көмөк көрсөтүү механизмин ишке киргизүүнүн актуалдуу маселелери, ЕАЭБ алкагында макулдашылган агроөнөр жай саясатын ишке ашырууда Беларустун негизги артыкчылыктары, өнөр жай чөйрөсүндө мамлекеттер аралык программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мамилелер каралды.

Беларуска жумушчу сапарынын алкагында Гоар Барсегян "Белкоммунмаш" холдингинин башкаруучу компаниясы" ААКга жана "БЕЛДЖИ" БЖАКга барды, ал жерде өндүрүш процесси жана чыгарылуучу техниканын линиясы менен таанышты, ошондой эле Беларусь Республикасынын өнөр жай министринин орун басары Алексей Козлов жана Беларустун ири машина куруучу ишканаларынын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрдү.

ЕЭК министри жолугушуунун катышуучуларын мүчө мамлекеттер тарабынан Бирликте өнөр жайдын биргелешкен кооперациялык долбоорлорун ишке ашырууда каржылык көмөк көрсөтүүнүн жаңы механизми жөнүндө кеңири маалымдады жана долбоордук сунуштарды түзүү процессине беларустук бизнести жигердүү тартуу зарылдыгын белгиледи.

Гоар Барсегян менен "Белкоммунмаштын" башкы директору Тарас Мурогдун жолугушуусунда "Евразия электробусу" мамлекеттер аралык программасынын долбоорун ишке киргизүү боюнча практикалык кадамдар талкууланды, аны иштеп чыгууну ЕЭК Кеңеши өткөн жылдын декабрында жактырган.

Гоар Барсегяндын жумушчу сапарынын жыйынтыктары боюнча Беларусь Республикасынын өндүрүштүк аянтчаларында электробустар үчүн комплекттөөчү өндүрүштү өздөштүрүү маселелерин практикалык иштеп чыгуу максатында мүчө мамлекеттердин кызыкдар ишканалары жана илимий уюмдары менен бетме-бет консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашууларга жетишилди.