Евразия экономикалык бирлиги боюнча товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индекси 2023-жылдын август айында 2023-жылдын июлуна салыштырмалуу 100,3%ды, 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу 103,9%ды түздү, 2022-жылдын августуна салыштырмалуу 105,9%ды түздү.
2022-жылдын августуна салыштырмалуу ЕАЭБде акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө баалардын олуттуу өсүшү байкалган (9,8%). Бул мезгилдин ичинде азык-түлүк товарларына баалар 4,5%га, азык түлүк эмес товарларга — 4,7%га жогорулаган.
Азык-түлүк товарларына баалардын ЕАЭБ боюнча деңгээлден көбүрөөк өсүшү Казакстанда (12,4%га) жана Кыргызстанда (7,5%га) катталган. Азык-түлүк эмес товарларга баалардын эң көп жогорулашы Кыргызстанда (14,6%га) жана Казакстанда (13,5%га), акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө — Казакстанда (13,9%га) белгиленген.
Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "Керектөө бааларынын индекси жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.