Жаңылыктар

26.08.2022

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын 25-26-августундагы отурумунун жыйынтыктары

Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 25-26-августта Чолпон-Атада (Кыргыз Республикасы) бетме-бет форматта өткөрүлгөн отурумунда тогуз маселени карап чыгышты.

ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчылары Евразия мейкиндигинде аналогу жок эл аралык каржы уюмун – Евразия кайра камсыздандыруу компаниясын (ЕКК) түзүү жөнүндө макулдашуунун үстүнөн иштин аякташы жөнүндө билдиришти.

Өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү приоритеттүү инфраструктуралык транспорттук долбоорлордун тизмегин жактырышты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары өз ара соодадагы эсеп-кысаптарда Бирликтин өлкөлөрүнүн улуттук валюталарын колдонууну кеңейтүү маселесин талкуулашты. ЕАЭБдин өнүгүшү жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданын ырааттуу өсүшү өз ара эсеп-кысаптарда улуттук валюталардын үлүшүнүн жогорулашы менен коштолууда. Бирлик түзүлгөндөн берки жети жылдын ичинде алардын үлүшү 70%дан ашып, 2022-жылда 74%га жетти.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Бирлик жөнүндө келишимге жеке жактар тарабынан сатылуучу товарлар менен электрондук соода жүргүзүүдө кыйыр салыктарды алуу жагында өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулашты.

Өкмөттөр аралык кеңештин мүчөлөрүнө Евразия экономикалык комиссиясынын Бирликте өнөр жай кооперациясын каржылоо механизмдерин түзүү жана аракетке киргизүү боюнча иштин жүрүшү жана ЕАЭБде алкоголь рыногун жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун үстүнөн иштин жүрүшү жөнүндө баяндамалары көрсөтүлдү.

ЕЭК ЕАЭБде алкоголь рыногун жөнгө салуу жөнүндө макулдашуу, Бирлик жөнүндө келишимге жеке жактар тарабынан сатылуучу товарлар менен электрондук соода жүргүзүүдө кыйыр салыктарды алуу жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тараптардын позицияларын жакындатуу боюнча ишти улантмакчы.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки отуруму ушул жылдын 20-21-октябрында Армения Республикасында өткөрүлмөкчү.

Иш-чарага ЕӨАК Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекичиси Акылбек Жапаров, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаилов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович катышышты. ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрү тараптан – Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, Куба Республикасынын Премьер-министри Марреро Крус, Куба Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хулио Антонио Гармендия Пенья, ошондой эле, отурумдун чакырылган катышуучусу катары, Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Идаят оглы Асадов катышышты.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун жыйынтыктары боюнча кол коюлган документтер

– "Евразия экономикалык бирлигинде өнөр жай кооперациясын каржылоо жөнүндө" тескеме.

– "Евразия кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору жөнүндө" маселенин алкагындагы билдирүү.

– "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин транспорт чөйрөсүндөгү приоритеттүү интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорунун тизмеги жөнүндө" тескеме.

– "Өз ара сооданын алкагында эсеп-кысаптарды жүргүзүүдө мүчө мамлекеттердин улуттук валюталарын колдонууну кеңейтүү боюнча андан аркы иш жөнүндө" тескеме.

– "Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумун өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" тескеме.

– "Жогорку Евразия экономикалык кеңешине Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинын мүчөсүнүн кандидатурасын көрсөтүү жөнүндө" тескеме.

– "Жогорку Евразия экономикалык кеңешине Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөсүнүн кандидатурасын көрсөтүү жөнүндө" тескеме.