14-декабрда Москва шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2022-жылдагы акыркы отуруму Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы астында, ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүнүн жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин катышуусу менен көздөшүү форматында болуп өттү.
ЕЭК Кеңеши медициналык буюмдарды Евразия экономикалык бирлигинин укугуна ылайык каттоого өтүү боюнча иш-чаралар планын (жол картасын) бекитти.
ЕЭК Кеңеши ЕАЭБ жөнүндө келишимге ыкчам фитосанитардык чараларды киргизүү боюнча өзгөртүүлөрдү жактырды.
ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин биологиялык коопсуздук стратегиясынын долбоорунун үстүндө иштин жүрүшүн карап чыкты. Буга чейин мындай демилгени белоруссиялык тарап көтөрүп чыккан. Комиссиянын Кеңеши консультацияларды улантууну тапшырган.
ЕЭК Кеңеши ветеринардык контролду (көзөмөлдү) жүргүзүүдө лабораториялык изилдөөлөрдү (сыноолорду) өткөрүүнү уюштуруу эрежелерин бул жааттагы референттик лабораторияларга (борборлорго) карата бирдиктүү талаптар менен толуктоо чечимин кабыл алды.
ЕЭК Кеңеши "БЕЛАЗ" ААК тарабынан ишке ашырылуучу, карьердик техниканы өндүрүү үчүн дизелдик кыймылдаткычтарга алып келүү бажы алымынын нөлдүк ченин колдонуу мөөнөтүн 2024-жылдын 1-апрелине чейин узартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Вице-премьерлерге ЕАЭБде биргелешкен программаларды жана долбоорлорду каржылоо механизмдери боюнча сунуштар берилди.
ЕЭК Кеңеши товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелерин 81 товардык позиция менен толуктады, алардын ичинде асма чырактар, үтүктөр, микротолкундуу мештер, кофе же чай даярдоо үчүн электр шаймандары, матрацтар, электрдик суу жылыткычтар, чаң соргучтар, шлагбаумдар, микроскоптор жана башкалар бар.
ЕЭК Кеңешинин чечими менен, ЕАЭБ мамлекеттеринин мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө улуттук режимден алып салууларды белгилөө жөнүндө актыларды кабыл алуу туурасында кабарлоолорун Комиссия тарабынан кароо тартибине өзгөртүүлөр киргизилген. Оңдоолор өткөн жылы Комиссиянын Кеңеши тарабынан бекитилген алып коюуларды жана чектөөлөрдү четтетүү боюнча жол картасын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
ЕЭК Кеңеши мүлктү баалоо объекттеринин салыштырма тизмеги жөнүндө сунуштаманы кабыл алды. Салыштырма тизмеге ЕАЭБдин ар бир мамлекетиндеги тиешелүү объекттерге карата мүлктү баалоо жүргүзүүгө укук берген уруксаттарды көрсөтүү менен мүлктү баалоо объекттери кирет.
ЕЭК Кеңешинин кийинки отуруму 2023-жылдын 20-январында Москвада көздөшүү форматында өткөрүлмөкчү.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин отурумунун жыйынтыктары боюнча кол коюлган документтер
– "Ветеринардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашырууда лабораториялык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүргүзүүнү уюштуруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
– "Бажы бирлигинин алкагында милдеттүү талаптар белгиленүүчү продукциянын бирдиктүү тизмесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" чечим.
– "Медициналык буюмдарды каттоо жана алардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун экспертизалоо эрежелерине ылайык, медициналык буюмдарды каттоону жүзөгө ашырууга өтүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чаралар планын ("жол картасын") бекитүү жөнүндө" тескеме.
– "Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" тескемеси.
– "Тиешелүү объекттерге карата мүлктү баалоону жүргүзүүгө укук берүүчү уруксаттарды көрсөтүү менен мүлктү баалоо объекттеринин салыштырма тизмеси жөнүндө" сунуштама.
– «Евразия экономикалык комиссия Кеңешинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» чечим.
– "Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар максатында товарлардын айрым түрлөрүнүн чыгарылган өлкөсүн аныктоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим.
– "Евразия экономикалык бирлигинин биргелешкен программаларын жана долбоорлорун каржылоо механизмдери боюнча сунуштар жөнүндө" тескеме.
–"2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору жөнүндө ("III Чоң" Протоколдун долбоору)" тескеме.
– "Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө улуттук режимден алып салууларды белгилөө жөнүндө актыларды кабыл алуу туурасында кабарлоолорун, мындай актыларды жокко чыгаруу маселелери боюнча мүчө мамлекеттердин кайрылууларын Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан кароо тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, ошондой эле мындай актыларды жокко чыгаруу зарылчылыгы жөнүндө Комиссия тарабынан чечим кабыл алынышы жөнүндө" чечим.
– "Ичинен күйүүчү кыймылдаткычтардын айрым түрлөрүнө карата Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинин алып келүү бажы алымынын ченин колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" чечим.
– "Даярдоочулар ыйгарым укук берген жактардын бирдиктүү реестрин түзүүгө карата мамилелер жөнүндө" тескеме.