15-февралда Москвада Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун төрагалыгы астында ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүнүн жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин катышуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин отуруму онлайн-форматында болуп өттү.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ЕЭК Коллегиясына Армения, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстан үчүн өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн кагаз паспортторун жол-жоболоштурууну электрондук паспортторду жол-жоболоштуруу менен катар жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн 3 айга узартууну тапшырды.
ЕЭК Кеңеши Бирликте жарандык авиациянын учактарын оңдоо үчүн убактылуу алынып келүүчү кыймылдаткычтарга, тетиктерге жана жабдууларга карата укук колдонуу тажрыйбасын унификациялады. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши жарандык авиациянын учактарына орнотулган, бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн убактылуу алынып келинген жана жарандык авиациянын учактарын техникалык тейлөө же оңдоо үчүн арналган кыймылдаткычтар, кам тетиктер жана жабдуулар Евразия экономикалык бирлигинин аймагында да, анын чегинен тышкары да пайдаланылышы мүмкүн экендигин аныктады.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 15-февралдагы отурумунда "Электромобилдерди куруу жаатында долбоорлорду түзүүдө жана жүзөгө ашырууда Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин кооперациялык кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" сунуштама жактырылды. Документ ЕЭК Кеңешинин 2022-жылдын 15-июлундагы "Евразиялык электробус" өнөр жай кооперациясынын пилоттук долбоорун ишке киргизүү боюнча тапшырмасын аткаруу үчүн даярдалган.
ЕЭК Кеңеши Төлөнгөн кыйыр салыктардын суммасы жөнүндө маалыматтарды ЕАЭБ өлкөлөрүнүн салык органдарынын ортосунда электрондук түрдө алмашуу жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырды. ЕАЭБ өлкөлөрүндө кыйыр салыктардын толук төлөнүшүн камсыз кылуу максатында 2009-жылы мамлекеттер Электрондук түрдө маалымат алмашуу жөнүндө протокол түзүшкөн. Салык органдары мамлекеттердин бюджеттерине төлөнгөн кыйыр салыктардын суммалары жөнүндө маалымат алмашышат. Киргизилип жаткан өзгөртүүлөр салык органдарынын ортосундагы маалымат алмашуунун мөөнөтүн, ошондой эле форматтык-логикалык контролдун протоколдорун алмашуу боюнча мөөнөттү кыскартууга тиешелүү. Документ ЕАЭБ өлкөлөрүнө мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу үчүн жөнөтүлдү.
ЕАЭБдин Карантиндик продукцияларынын тизмегине жана Бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына продукцияны деталдаштыруу боюнча өзгөртүүлөр киргизилди.
ЕЭК Кеңешинин кийинки отуруму март айынын ортосунда Москвада көздөшүү форматында өткөрүлөт.