Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин "Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө" техрегламентине мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программага өзгөртүүлөрдү киргизди.
Атап айтканда, Программадан 36 позиция алынып салынган, анткени тиешелүү мамлекеттер аралык стандарттар иштелип чыккан. 32 позиция боюнча стандартташтыруу боюнча улуттук программаларды жана пландарды эске алуу менен мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуунун мөөнөттөрү өзгөртүлдү. Программа мамлекеттер аралык стандарттарды кайра карап чыгуу боюнча 27 позиция жана Бирлик мамлекеттеринин улуттук стандарттарынын негизинде мамлекеттер аралык стандарттарды, стандартташтыруу жаатындагы методикаларды жана башка документтерди иштеп чыгуу боюнча 5 позиция менен толукталды.