Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы май-тоң май тармагынын туруктуу иштешин камсыздоо боюнча Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын негизги багыттарын жактырды.
Май-тоң май тармагы — Бирликтин агроөнөр жай комплексинин динамикалуу өсүп жаткан жана экспортко багытталган тармактарынын бири. Акыркы беш жылда май өсүмдүктөрүн өндүрүү 1,7 эсе көбөйүп, 33 миллион тоннага чейин, өсүмдүк майлары — 1,5 эсе көбөйүп, 8,8 миллион тоннага чейин жеткен. Бул май-тоң май продукциясынын экспортунун өсүшүнө өбөлгө түзгөн, ага Бирликтен агро-азык түлүктү тышкы жеткирүүлөрдүн бешинчи бөлүгү туура келет.
Ошону менен катар азыр өзгөрүп жаткан геосаясий жана экономикалык кырдаалга, экологиялык күн тартибине, соода-логистикалык каттамдардын бузулушуна байланыштуу жаңы чакырыктар пайда болууда.
Буга байланыштуу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн май-тоң май тармагынын стратегиялык маанилүүлүгүн эске алуу менен, Бирликтин кызыкдар өлкөлөрүнө бир катар негизги багыттар боюнча өз ара иштешүүнү жүзөгө ашыруу сунушталган.
Алардын арасында – үрөндүн импортуна олуттуу көз каранды болгон май өсүмдүктөрүнүн селекциясын жана үрөнчүлүгүн өнүктүрүү, аларды өстүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн заманбап технологияларын киргизүү, ошондой эле май-тоң май тармагынын тең салмактуу өнүгүүсүн камсыздоо.
Документте кесиптик компетенциялардын деңгээлин жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо маселелерине, ошондой эле альтернативдик өсүмдүк продукциясынын рыногун жөнгө салуу бөлүгүндө Бирликтин укугун калыптандырууга өзгөчө көңүл бурулат.
Мындан тышкары, мүчө мамлекеттерге климатка жана экологияга терс таасирди азайтуу, Бирликте өндүрүлгөн май-тоң продукциясынын үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна жетүү шарттарын жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу аркылуу тармактын туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуу сунушталган.