Жаңылыктар

20.09.2023

ЕЭК Коллегиясы монополияга каршы иликтөөнүн жүрүшүндө маалымат бербегендиги үчүн кагаз чыгаруучуга айып салды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын чечими менен кагаз чыгаруучуга – россиялык целлюлоза-кагаз заводуна, ишкананын башкаруучу компаниясына, ошондой эле башкы директорго кагаз түрмөктөрүнүн жана барактардын трансчек аралык рыногунда атаандаштык эрежелерин бузуу мүмкүндүгү фактысы боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө маалымат бербегендиги үчүн жазапул салынды.

ЕЭКтин монополияга каршы блогу рулондордо жана барактарда айрым кагаз өндүрүүчүлөр үстөмдүк абалын кыянаттык менен пайдалануу белгилери жана алар Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде тыюу салынган атаандаштыкка каршы макулдашууларды түзүүсү боюнча иликтөөнү баштаган. 

Материалдарды кароонун алкагында Комиссия "Турин целлюлоза-кагаз заводу" АКдан, "УК "ТУРА" ЖЧК башкаруучу компаниясынан жана анын башкы директорунан керектүү маалыматтарды сураган. Суроо-талап товардык рынокту талдоо, негизги чарбалык субъекттерди жана алардын рыноктогу үлүштөрүн аныктоо үчүн зарыл болгон стандарттык маалыматтарды берүүгө тиешелүү болгон. Анткен менен чарбакер субъекттер суралган маалыматтарды белгиленген мөөнөттө беришкен эмес.

ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султановдун сөзү боюнча, Комиссия чарбакер субъекттерге эки жолу суроо-талап жөнөткөн, адресаттар бул каттарды алгандыгы жөнүндө маалымат бар, бирок улуттуктан жогорку органдын кайрылуулары жоопсуз калтырылган. Комиссия тарабынан бул факт боюнча аталган юридикалык жактарга жана башкаруучу компаниянын жетекчисине карата иш козголгон жана каралган.

"Белгилей кетүүчү нерсе, иликтөөлөрдүн жыйынтыгы суроо-талаптын натыйжасында алынган маалыматтардын жыйындысына негизделет. Маалыматтар толук болбогондуктан, Комиссия рынок экономикасынын жана ак ниет атаандаштыктын принциптерин колдоого багытталган өз ыйгарым укуктарын толук кандуу ишке ашыра албайт", - деп белгиледи министр.


ЕЭК Коллегиясынын чечими жарыяланган күндөн тартып 30 күндөн кийин күчүнө кирет.