Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу" жөнүндө техникалык регламентине өзгөртүүлөргө карата өткөөл жоболорду аныктады. Аталган өзгөртүүлөр Комиссиянын Кеңешинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 173 Чечими менен кабыл алынган.
Өткөөл мезгил - 24 ай деп аныкталган, бул мезгилде Бирликтин 2011-жылы кабыл алынган "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентинде белгиленген милдеттүү талаптарга ылайык тамак-аш продукциясын өндүрүүгө жана Бирликтин бажы аймагында жүгүртүүгө чыгарууга жол берилет.
Мындай продукцияны жүгүртүүгө даярдоочу белгилеген жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде жол берилет.
Техрегламентке киргизилген өзгөртүүлөр шоколадга, шоколад азыктарына жана какао-өнүмдөрүнө карата кошумча талаптарды белгилөөгө тиешелүү.
Көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр 2023-жылдын 25-июлунда күчүнө кирет.