Жаңылыктар

02.11.2023

Комиссиянын атаандаштык блогу Армениянын ишкерлери менен жолугушту

2-ноябрда Ереванда Армения Республикасынын Атаандаштыкты коргоо боюнча комиссиясынын колдоосу менен Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча блогунун Коомдук кабылдамасы болуп өттү. ЕЭК өкүлдөрү ишкерлерге өз бизнесин трансчек аралык рыноктордогу атаандаштардын мыйзамсыз аракеттеринен кантип коргоону, ошондой эле кантип Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө мамлекеттик сатып алуулардын катышуучусу болууну айтып беришти.

Иш-чаранын модератору ЕЭКтин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Бахыт Султанов болду.

Министр жөнгө салуучулар менен бизнестин өз ара аракеттешүүсүн диалог режиминде түзүү керектигин, монополияга каршы ведомстволордун күн тартибин жакшыртуу үчүн ишкерлерден кайтарым байланыш алуу зарыл экендигин белгилеп өттү.

"Бүгүн Коомдук кабылдаманын алкагында биз көйгөйлүү маселелерди талкуулоого, Бирликтин чегинде бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртуу үчүн "тар жерлерди" аныктоого жана аларды чечүү жолдорун табууга даярбыз", – деди Бахыт Султанов.

Ишкерлердин суроолору санариптик рыноктордо атаандаштыкты чектөө, маркетплейстер тарабынан баалардын демпинги, товардык белгилерди мыйзамсыз пайдалануу, ошондой эле Бирлик өлкөлөрүнүн интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү учурларына байланыштуу болду.

Мындан тышкары, катышуучулар ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүн, атап айтканда, Армениянын ишкерлеринин аларга толук кандуу жана бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну талкуулашты.

"Армения Республикасынан жеткирүүчүлөр Беларустун жана Россиянын мамлекеттик сатып алууларына катышат, бирок алардын көлөмү аз. Ишкерлер менен евразиялык сатып алууларга катышуу жана тоскоолдуксуз жетүү маселелерин талкуулоо менен биз маалымдуулуктун деңгээлин жогорулатууга жана сатып алууларга бизнести тартууга үмүттөнөбүз", – деди Бахыт Султанов.

Министр катышуучулардын көңүлүн Комиссиянын сайтындагы "Коомдук кабылдаманын" баракчасында "Бизнеске жардам" деген атайын бөлүм бар экенине бурду. Бөлүмдө ишкерлерге трансчек аралык рыноктордо атаандаштык укуктары боюнча өзүнүн билимин өз алдынча текшерүүгө жана жогорулатууга жардам бере турган жаңылыктар жайгаштырылган.

Отурумдун экинчи бөлүгүндө ЕЭК эксперттери ишкерлер менен жеке консультацияларды өткөрүштү.